YouTube сайтына ролик тартам деп кокустан жигитин атып алды

Монализа Перес жигити Педро Руиз Сүрөттүн автордук укугу YouTube

Миннесотанын 19 жаштагы туругуну Монализа Перес YouTube сайтына ролик тартабыз деп кокустан 22 жаштагы сүйлөшүп жүргөн жигити Педро Руизди атып алган.

АКШ полициясы билдиргендей, роликти тартып жатып жаштар калың китеп окту кармап калат деп эсептеп, Монализа жигитин тапанча менен атмак болот. Ал бул экспериментке калың, сырты катуу энциклопедияны жана Desert Eagle пистолетин тандап алышат. Роликти тартуу үчүн алар бөлмөгө эки видео камера орнотушкан.

Муну көрүү үчүн бир нече коңшусу чогулган жана үч жаштагы ымыркайы дагы окуяга күбө болгон. Перес ок чыгарган учурда ок китепти тешип өтүп, Руиздин көкүрөгүнө тийет. Кыз дароо эле 911 телефонуна чалып, жардам чакырган. Бирок Педро Руизди сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Перес полицияга YouTube үчүн тасма тартуу идеясы Руизге тиешелүү болгонун айтып берген. Трагедиядан бир күн алдын Перес өзүнүн "Твиттер" баракчасына бул тууралуу жазган экен.

Сүрөттүн автордук укугу TWITTER/@MONALISAPEREZ5

"Биз Педро менен бир болсо өтө опурталдуу видео тартканы калдык окшойт. Бул менин эмес анын идеясын»,-деп жазган экен.

Перес көрсөтмөсүндө жигити бул анчалык деле кооптуу эмес экенин, буга чейин дагы ошондой кылып жүргөнүн айтып, ишендирген деп айтып берген.

Сүрөттүн автордук укугу Полиция материалы
Image caption Жети айлык боюнда бар Монализа Перести 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жана 20 миң доллар айып пул төлөө жазасы күтөт.

Каза тапкан Руиздин жакыны Клаудия Руиздин айтымында бул ролик аркылуу эки жаш YouTube баракчасындагы өздөрүнүн каналынын популярдуулугун жана катталган кишилердин санын арттырууну каалашкан.

"Алар бири бирин сүйчү. Мындай болбошу керек эле» деди ал америкалык KVLY телеканалына берген интервьюсунда. Ал ошондой эле Педрону мындай роликтен баш тартууга да көндүрүү аракетин көргөнүн кошумчалаган.

Эки жаш YouTube каналында ушул жылдын март айынан бери «эртелей ата-эне болгон жаш жубайлардын жашоосун көрсөтүү үчүн» өздөрүнүн видеоблогун жарыялап жүрүшкөн.

Жети айлык боюнда бар Монализа Перести 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жана 20 миң доллар айып пул төлөө жазасы күтөт. Аны күрөө менен үйүнө чыгарышты, соттук жараян 5-июлда болот. (AbA)

Тектеш темалар