Германияда бир жыныстуу нике мыйзамдашты
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Германияда бир жыныстуу нике мыйзамдашты

Германияда канцлер Ангела Меркель дайыма мындай никеге каршы болуп келген. Бирок дүйшөмбүдө ал күтүүсүздөн эле бул маселе боюнча эркин добуш берүү өткөрүүгө каршы эмес экенин билдирди. Оппозициялык партиялар бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, тийиштүу мыйзам долбоорун даярдай салышып, добуш берүүгө алып чыгышты. Акыры жума күнү болгон добуш берүүнүн натыйжасында Германия бир жыныстуу никени колдогон Европанын башка өлкөлөрүнүн тизмесине кошулүп, бир жыныстуу түгөйлөргө балдарды асырап алууга уруксат берди. А бирок канцлердин өзүнүн бул маселедеги пикири мурдакыдан өзгөргөн жок.

Ошентсе да жаңы мыйзам талаш туудурса, Конституциялык сотто кайра каралышы мүмкүн.