Аргентинадагы жылдыздуу үлпөт: Мессинин балалык сүйүүсү

Дүйнөлүк футбол жылдызы Лионель Месси жубайы Антонелла Рокуццо менен үйлөнүү үлпөт учурунда. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Дүйнөлүк футбол жылдызы Лионель Месси жубайы Антонелла Рокуццо менен үйлөнүү үлпөт учурунда.

"Барселонанын" жылдызы, аргентиналык футболчу Лионель Месси бала кездеги сүйүүсү Антонелла Рокуццого баш кошту. Алардын үйлөнүү үлпөтү Аргентинаны борбордук бөлүгүндөгү кичи мекени Росарио шаарында өттү.

Аргентиналык басылмалар муну «кылымдын үлпөтү» деп жазууда. Тойго 260 конок чакырылып, арасында футбол жылдыздары жана атактуулар болду. Коноктордун арасынан Мессинин "Барселона" клубундагы кесиптештери Луис Суарес, Неймар жана Жерар Пике жубайы Шакира менен бирге келген.

Месси менен Рокуццо бала кезинде, 13 жашында болчоктогу футбол жылдызы Испанияга келе электе эле тааныш болгон экен. Азыр эки жаштын ортосунда эки уулу бар. Июнь айында Месси 30 жашка толду, ал эми жубайы андан эки жаш кичүү.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Тойго келген "Барселонанын" мурунку футболчулары: Хави Эрнандес, Сеск Фабрегас жана Карлес Пуйоль.
Сүрөттүн автордук укугу l
Image caption Аргентиналык футболчу Эсекьель Лавесси дагы сыйлуу коноктордун бири болду.
Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жерар Пике жубайы Шакира менен Росарио аэропортунун кызматкерлери менен сүрөткө түшүп жаткан учуру.
Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан City Center мейманканасынын сыртына көп киши чогулуп турган.

Үлпөт учурунда коноктордун коопсуздугун жүздөгөн полиция камсыздап турду. Жеке күзөт кызматы тойго чоочун бирөө кирип барып, тополоң салбасын деп катуу кайтарууга алды. Үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан City Center мейманканасынын сыртына көп киши чогулуп турган.

Үйлөнүү үлпөтүнө "Барселона" оюнчуларынан сырткары Аргентина улуттук курама командасындагы Мессинин санаалаштары дагы келишти.

Сүрөттүн автордук укугу AFP / Getty Images
Image caption Жергиликтүү сүрөтчү үйлөнү үлпөттүн алдында дубал бетине Месси менен Росарионун сүрөтүн түшүрүп жатат.

Жергиликтүү Clarín басылмасы тойго Мессинин мурунку машыктыруучулары, анын ичинде "Манчестер Ситинин" башкы машыктыруучусу Пеп Гвардиола дагы чакырылганын жазды.

Росарио - Парана дарыясынын жээгиндеги порт шаары. Өлкөнүн баш калаасы Буэнос-Айрестен 300 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Бул жерде дагы бир белгилүү аргентиналык - Эрнесто Че Геваранын балалыгы өткөн.

Сүрөттүн автордук укугу AFP / Getty Images
Image caption Месси жашыл талаада жубайы Антонелла Рокуццо жана уулдары менен.
Сүрөттүн автордук укугу CityCenter Rosario
Image caption City Center мейманканасынын ресторанынын көрүнүшү.

Месси Испанияга келгенден бери беш ирет Дүйнөлүк футбол бирикмесинин "Алтын топ" сыйлыгын алып, рекорд койду.

Сүрөттүн автордук укугу AFP / Getty Images
Image caption Тойго келген коноктордун бири уругвайлык футболчу Луис Суарес аэропорттон келе жаткан учуру.

2017-жылы май айында Испаниянын Жогорку соту салыкты жашырган деп Мессини 21 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок аргентиналык тор артында олтуруп калбашы турган кеп, бул иш айып пул төлөө менен чечилет деп күтүлүп жатат.

Тектеш темалар