Трамптын иммиграциялык жарлыгы күчүнө кирди: кандай кабыл алышты?

иммиграция Сүрөттүн автордук укугу EPA

Ѳткөн аптада АКШнын Жогорку Соту Трамптын иммиграциялык жарлыгына бөгөт койгон алгачкы соттук чечимдерди жокко чыгарып, ага жол ачып берди.

Жарлыкта белгилүү болгондой Иран, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемендин жарандарынын АКШга келүүсүнө чектөө киргизилген.

Жарлык 90 күнгө эсептелип, ушул убакытта президенттик администрация өздөрү көйгөйлүү эсептеген алты өлкөнүн жарандарын тыкыр текшерүүдөн өткөрүүнүн ыкмасын иштеп чыгууга тийиш. Буга улай эле жарлыкка ылайык качкындарды кабыл алууну дагы 120 күнгө чейин токтотушту. Азыркы күндө качкындарды кабыл алуу боюнча жылдык квота дээрлик толгон. Алсак, 50 миң качкын кабыл алуу керек болсо, миң чамалуу эле киши калган.

Барак Обама бийликте турган учурда качкындарды кабыл алуунун квотасы 100 миң киши болчу. Бирок Трамп январда бул санды эки эсеге кыскартты.

Жарлык өткөн аптанын бейшемби күнү кечки саат 20:00дөн тарта күчүнө кирди. Кеннеди атындагы аэропорттун төртүнчү терминалында активисттер жана либералдуу адвокаттар атайын жайды ээлеп алышып, алты өлкөнүн жарандары паспорттук көзөмөлдөн артка кайтарыла турган болсо жардам берүүгө даяр экенин айтып чыкты.

Активисттер жана адвокаттар колдоруна плакаттарды кармап алып, ыр ырдап турушту.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жарлыктын текстинде мусулмандарга багытталып түз айтылган сөз жок. Бирок президенттин сынчылары жарлык ошого багытталган деп ишендирүүдө.

Январда Трамптын жарлыгы чыкканда, аэропорттордо башаламандыктар орун алган. Жарлыктын биринчи варианты шашылыш даярдалып калган жана аны аткаруу даярдыксыз башталып кеткен. Айрым жүргүнчүлөр жарлык тууралуу учакта баратып билишкен. Гринкартасы барлар дагы өлкөгө кире албай көйгөй жаралган. Бул көрүнүштөр жаңылыктардын сап башына чыгып, катуу нааразылыктар менен коштолду. Бирок ал көпкө созулган жок. Либералдуу федералдык судьялар биринин артынан бири жарлыктын аткарылышына убактылуу бөгөт койгон чечимдерди кабыл алышты.

Мыйзамга ылайык, эгерде чет элдик жарандын улуттук коопсуздукка коркунучу бар экенине негиз болсо, анда бийлик аны өлкөгө киргизбей кое алат. Ошол эле учурда Баш мыйзам боюнча диний белгисине карап дискриминация кылууга тыюу салынган.

Жарлыктын текстинде мусулмандарга багытталып түз айтылган сөз жок.

Президенттин сынчылары аны Трамптын шайлоо алдындагы айткан сөздөрүнөн алышкан. Анын мусулмандардын кирүүсүнө чектөө киргизүү боюнча жазган твиттерин жарлыкка байлап айтып чыгышкан. Бул албетте жарлыктын федералдык соттор тарабынан бөгөт коюлушуна дагы негиз жаратты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Лос-Анджелес аэропортунда мигранттарга бекер кызматын сунуштаган юристтер.

Ак үй болсо Жогорку Сотко кайрылуунун ордуна, жарлыкты кайра жазып чыгып, жаңы текст дагы соттор тарабынан убактылуу токтотулган.

Администрация акыр аягы жогорку соттук инстанция менен түшүнүшүү жолдорун издей баштады. Азыр эми ал жолду тапты десек болот. Анткени Жогорку Сот президенттин жарлыгына коюлган бөгөттөрдү бир добуштан жокко чыгарды. Бирок Ак үй үчүн бул жеңиштин кичине гана бөлүгү.

Анткени Жогорку Сот акыркы чечимин октябрда, жаңы сессия башталган учурда гана кабыл аларын айтты.

Экинчиден, миграция боюнча иш алып барган чиновниктер эми АКШда жакын тууганы бар жогуна карай турган болду. Ак үй билдиргендей, бул категория ата-энеге, жубайларга, күйөө бала жана колуктуга, бир туугандарга тиешелүү.

Башкача айтканда, алты мусулман өлкөсүнүн виза алам деген жарандарынын АКШда жакын үй-бүлө мүчөсү жашап туруусу зарыл. Трамп тарабынан киргизилген убактылуу чектөөнүн АКШда окуган же окуп жаткандарга, бул өлкөдө бизнеси барларга, учурда визасынын мөөнөтү бүтө электерге тиешеси жок.

Бул категорияга кандай туугандар кирет деген суроо башында бир топ түшүнбөстүктөрдү жаратты. Мамлекеттик департамент кеңири түшүндүрмө берүүгө аргасыз болду.

"Үй-бүлөнү ушундай критерийлер менен ажыратуу, бул жөн гана таш боордук",-деп билдирди адам укугун коргогон Amnesty International уюмунун өкүлү Наурин Шах.

Бул жолу жарлыктын күчүнө киришине бийлик астейдил даярдык көргөн. АКШга киргендерге уруксат берүү маселеси аэропорттордогу паспорттук көзөмөл жайларында эмес, чет жердеги консулдуктарда чечиле турган болгон. Ошондуктан Нью-Йорк аэропортунун төртүнчү терминалына келип, Лондон, Доха, Стамбул жана Абу-Дабиден келген каттамдарды тосуп алабыз деген адвокаттар убактысын бекерге эле өткөрүштү.

Amnesty International уюмунун өкүлү Жасмит Сидхунун айтымында, жарлык күчүнө киргенден кийин АКШдагы аэропорттордо кармалгандар тууралуу бир дагы факты катталган жок.

Жарлыкка каршы чыккандар менен аны жактагандар ортосунда талаштар дале уланууда. Ал ортодо Washington Post басылмасы АКШдагы эң чуулгандуу терактардын жана кол салуу аракеттеринин 24 учурунун тизмесин жарыялады. Тизмеге 1997-жылы августта Нью-Йоркто эки йемендик камакка алынгандан, Бостон марафонуна чейинки кол салуулар киргизилген.

Жарлык мурда чыккан болсо бул терактардын канчоосун алдын алмак? Огайо штатындагы университетте өткөн жылы ноябрда болгон теракты. Бул жерде унаа жөө жүргүнчүлөрдү сүздүрүп, андан кийин кол салган адам аларды бычактаган. Шектүү теги Сомалиден экени аныкталып, эки жыл мурун Пакистандан миграцияланып келгени белгилүү болду.

2006-жылы мартта бул сыяктуу кол салуу Түндүк Каролинадагы окуу жайда орун алып, аны теги ирандык, эки жашында АКШга келген адам ишке ашырган экен.

Жарлыктын сынчылары бул бир гана мусулмандарды дискриминация кылбастан, ал пайдасыз деп жүйө келтирүүдө. Аны жактагандар болсо Европдагы жакында болгон терактарды мисал тартып, сактанганды кудай сактайт деп айтып жатышат.

Тектеш темалар