Франция түштүгүндөгү мечиттеги атышуу: сегиз киши жаракат алды

Полиция бул окуя террордук акт катары каралбай турганын билдирди Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Полиция бул окуя террордук акт катары каралбай турганын билдирди.

Франциянын түштүгүндө мечиттин жанында болгон атышуудан сегиз киши жаракат алды деп ырастады жеригиликтүү бийлик.

Эки киши Авиньондогу мечиттин жанында ок чыгарганда ал жердегилер туш келди качууга аргасыз болгон. Кол салгандардын жанында тапанча жана чачма огу бар мылтык болгон деп жазды La Provence басылмасы. Алар Renault Clio үлгүсүндөгү унаа менен келишкен.

Полиция бул окуя террордук акт катары каралбай турганын билдирди. Мечиттин жанында төрт киши жаракат алган. Чачма ок тийип, бир үй бүлөдөн төрт адам жаракат алды. Арасында жети жаштагы кызына дагы жаракат алган. Бул бүлөө окуя болгон жерден 50 метр аралыкта жашайт. Окуя болгон учурда алар үйүндө болушкан деп жазды La Provence.

Болжолу мечиттегилер негизи бута катары атайын тандалган эмес. Окуя болсо жаштардын ортосундагы чырдан улам тутанып кетиши мүмкүн деп каралып жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, эки куралдуу киши басып келатканын көргөндө мечиттин жанындагылар туш келди качып жөнөгөн.

"Бул кара түстөгү Renault эле", -дейт күбөлөрдүн бири. Анын айтымында унаада төрт киши болгон. Бирок алардын экөө гана унаадан чыгып ок чыгарган.

Окуяны кылмыш иликтөө башкармалыгы иликтөөгө алып жатат деп кабарлады Франс пресс.

Бейшембиде Париждин чет жакасында мечиттин жанында бараткандарды унаа менен сүздүрүүгө аркет кылган шектүү кармалган эле. Бул окуяда эч ким жабыр тарткан эмес.

Соңку учурда жүз берип жаткан бир катар кол салуулардан кийин жана апрелде Парижде полицияга кол салуу болгондон кийин Францияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. (AbA)

Тектеш темалар