АКШ аскер кемесинин талаштуу аралга жакын келиши Пекиндин ачуусуна тийди

АКШнын Деңиз аскер күчтөрүнө таандык "Стэтхем" эсминеци Парасель аралдарынын түштүгүндөгү Трайтон аралына жакын сүзүп келди. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption АКШнын Деңиз аскер күчтөрүнө таандык "Стэтхем" эсминеци Парасель аралдарынын түштүгүндөгү Трайтон аралына жакын сүзүп келди.

АКШнын Деңиз аскер күчтөрүнө таандык аскер кемесинин Түштүк Кытай деңизиндеги Кытай жана Вьетнам, Тайвань ортосунда талашка түшүп келе жаткан Парасель аралдарына жакын сүзүп келгени кытайлык бийликтин нааразылыгын жаратты.

Кытай өзүнүн билдирүүсүндө талаштуу сууларда аскер кемесинин сүзүп келишин олуттуу аскердик-саясый чагым деп атаган.

АКШнын Деңиз аскер күчтөрүнө таандык "Стэтхем" эсминеци Парасель аралдарынын түштүгүндөгү Трайтон аралына жакын сүзүп келди. Кытай бийлиги улуттук суверенитетти сактоо үчүн жана коопсуздукту камсыздоо максатында Пекин өз аракетин көрөт деп билдирди.

Парасель аралдары иш жүзүндө Кытайдын көзөмөлүндө. Бирок ага Вьетнам жана Тайвань дагы ээлик кылуу укугун талашып келет.

Бир катар азиялык өлкөлөрдүн, анын ичинде Филиппин, Вьетнамдын дооматтарына карабастан Пекин Түштүк Кытай деңизинин чоң бөлүгүн өзүнүн аймагы катары жарыялап алган.

Соңку жылдары АКШнын кемелери талаштуу делген аралдар аркылуу сүзүп өтүүсүн көбөйттү. АКШ стратегиялык деңиздерде сүзүп өтүү багыттарын чектеп жатат деп Кытайды бир нече ирет күнөөлөгөн. Акыркы жылдары Вашингтон Кытай, Малайзия, Филиппин, Тайван жана Вьетнамга карата "Навигация эркиндиги" деген операция өткөрүп келүүдө.

Муну менен Вашингтон эч кандай аймактык талаштарга катышпай турганын эскертип, бирок аралдардан турган аймакта сүзүү багыттарында чектөө болуп, эркин сүзүп өтүү боюнча укуктар бузулса аскер кемесин жөнөтөрүн билдирген.

Бул программанын негизги максаты БУУнун деңизде жүрүү укуктары боюнча конвенциясын чыңдоо дейт АКШ тарап. Мамлекеттик департамент программа үч жол аркылуу: дипломатиялык каналдар, аскер-деңиз жана аба күчтөрүнүн операциялары, башка өкмөттөр менен эки жана көп тараптуу консултациялар аркылуу ишке ашат деп билдирүүдө.

Дональд Трамп бийликке келгенден бери бул экинчи операция болуп жатат. Мурункусу май айында "Дьюи" эсминцинин катышуусунда ишке ашкан. (AbA)

Тектеш темалар