Сирияда Башар Асаддын сүрөтү чегерилген акча бирдиги чыкты

2000 өлчөмүндөгү Башар Асаддын сүрөтү түшүрүлгөн акча бирдиги Сүрөттүн автордук укугу EPA

Жекшембиде Сириянын Борбордук банкы 2000 өлчөмүндөгү Башар Асаддын сүрөтү түшүрүлгөн акча бирдигин жүгүртүүгө чыгарды.

Борбордук банктын өкүлү Дураид Дурхамдын айтымында, 2000 сириялык фунтту жүгүртүүгө чыгаруу бир нече жыл мурун пландалган. Бирок өлкөдө согуш тутанып кеткенден кийин жана улуттук акча бирдиги инфляцияга учурганда аны артка жылдырышкан экен.

Бирок азыр эми акча корун жаңылоого зарылдык жаралды деди Дурхам.

Мурдагы 1000 фунт акча бирдигинде Башардын атасы, 1971-жылдан 2011-жылга чейин өлкөнү башкарган Хафез Асаддын сүрөтү бар эле.

2011-жылы жарандык согуш башталган учурда өлкөнүн улуттук акча бирдиги кескин кунун жоготту. Жаңжал башталган алгачкы учурда АКШнын 1 доллары 47 сириялык фунтка барабар болсо, азыр бир доллар 500 фунтка барабар.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Акча бирдигинин экинчи бетинде Сирия парламентинин жыйын өтө турган залынын бош турган сүрөтү түшүрүлгөн.

Сириядагы согуштун башталганына алты жылга аяк басты. Ѳлкөнүн баш калаасы Дамаск негизинен өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө болуп келди.

2011-жылы Сириядагы өкмөткө каршы жүрүштөрдүн арты жарандык согушка айланып кеткен. Жаңжалдан дээрлик 300 миңге чукул киши каза тапты.

БУУнун маалыматына караганда болжолу 5,5 млн сириялык өз өлкөсүн таштап чыгып кеткен. 6,3 млн киши өлкөнүн ичинде качкынга айланды. (AbA)

Тектеш темалар