КЭДР континенттер аралык ракета сыноосу ийгиликтүү өткөнүн билдирди

Ракета Сүрөттүн автордук укугу AFP PHOTO/KCNA VIA KNS

Түндүк Кореянын бийлиги "Хвасон-14" деп аталган континенттер аралык баллистикалык ракетасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялады. Бул ракета АКШнын аймагына чейин жете турган мүмкүнчүлүккө ээ.

Япониялык аскерлердин айтымында, ракета Япон деңизине келип түшкөнгө чейин 930 чакырымды багындырып, 37 минута убакыт учкан.

Америкалык аскерлер КЭДР учурган ракета орточо аралыкка ылайыкталганын айтууда. Ракета Түндүк Кореянын Пхёнан-Пукто провинциясынын түндүгүндөгү полигондон коё берилген.

Япониянын коопсуздук кызматы алдын ала Япон деңизинде жүргөн экипаждарды кулакдар кылып, алардын кемесинин жанына баллистикалык ракета түшүшү мүмкүн экендигин эскерткен.

Япон бийлиги Түндүк Кореяга нааразылыгын билдирип, ракетанын коё берилиши «коркунучтун деңгээлинин өсүп жатканын демонстрациялайт» деди өлкөнүн премьер-министр Синдзо Абе.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түндүк Кореянын телевидениеси КЭДР планетанын каалаган жерине сокку жолдой ала турганын жарыялады.

АКШ президенти Дональд Трамп кезектеги ракета сыноосун кескин сынга алды.

"Бул балага башка кыларга иш жокпу?»,-деп жазды Трамп "Твиттер" баракчасына. Көрүнүп тургандай бул сөз ачык эле КЭДР лидери Ким Чен Ынга багытталган.

"Япония менен Түштүк Корея мындан кийин дагы буга макул болуп олтура берет дегенге ишенүү кыйын. Балким Кытай олуттуу кадамга барат [...] жана бул абсурдду түбөлүк жок кылат!»,-деп кошумчалады Трамп.

Бир күн мурун Трамп Кытай жана Япониянын лидери менен Түндүк Корея маселеси боюнча телефондук сүйлөшүү өткөргөн болчу.

Кытайдын БУУдагы элчиси дүйнөлүк державалар менен Түндүк Кореянын ортосундагы абал курчуп кетсе, анын кесепети оор болот деп эскертти.

"Учурда абал курч бойдон турат. Биз албетте чыңалган абалды жайгарууга кызыкдарбыз. Себеби ал колдоп чыгып кетсе, анын кесепети оор болот. Менимче бул жалпы кызыкчылык",-деди деди Кытайдын БУУдагы элчиси Лю Цзеи.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түштүк Корея дагы Пхеньяндын кезектеги сыноосуна катуу тынчсызданууда.

Соңку айларда КЭДР ракета сыноолорун кескин көбөйттү. 16-апрелде Пхеньян баллистикалык ракета сыноосун өткөрүп, анысы ийгиликсиз болуп калган эле. Ушундан кийин АКШ чөлкөмгө аскер кемелерин жана суу алдында сүзүүчү кемесин жөнөткөн.

Бул Пхеньяндын ачуусун келтирип, эгер сокку урса, "тыптыйпыл кыла турган сокку" менен жооп берем деп коркуткан.

15-майда БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга мындан кийин ракеталык сыноо өткөрүүдөн баш тартуу боюнча эскертүү берген.

21-майда Кореянын борбордук телеграф агенттиги КЭДР "АКШга сокку урууга жөндөмдүү" ракеталарын сыноодөн өткөрүүнү уланта берерин билдирген эле. (AbA)

Тектеш темалар