Кытайда автобусту уурдай качкан окуучу шаарды аралап 40 минута жүргөн

сүрөттөн караганда автобустун эшигиндеги айнеги сынганын көрүүгө болот. Сүрөттүн автордук укугу THEPAPER.CN
Image caption Кытайдагы социалдык тармактарга кичинекей баланын автобус айдап бараткан видеосу тарады.

Гаунчжоудо кытайлык окуучу бала автобусту уурдай качып, полиция токтотконго чейин 40 минута шаарды аралап айдап жүргөн.

Кытайдагы социалдык тармактарга кичинекей баланын автобус айдап бараткан видеосу тарады. Жергиликтүү басылмалар баланын курагы 9-12 жаштын ортосунда болушу мүмкүн экенин жазууда.

Жолдон өтүп барткандар кичинекей бала автобусту башкарып баратканын байкап калышып, полицияга кабарлаган. Окуя 3-июль күнү күндүзү болгон.

Унааны 40 минутадан кийин гана полиция токтотуп калганга жетишти. Бул убакыттын ичинде бала автобусту тыкан айдап, эч кимди сүзгөн эмес. Башка бирөөнүн мүлкүнө зыян тийгизгени тууралуу даттануулар түшкөн жок.

Окуучу бала автобусту кантип уурдай качканы боюнча азырынча маалымат бериле элек. Бирок сүрөттөн караганда автобустун эшигиндеги айнеги сынганын көрүүгө болот.

Автобустун ээси Guangzhou Yueyun Bus Co компаниясы маалымдагандай, буга чейин ал баланы чөнтөк телефондорун жана капчыктарды уурдаган үчүн кармашкан экен.

Guangzhou Yueyun Bus Co өкүлдөрүнүн айтымында, уурдалган автобусту GPS аркылуу табышкан.

Ал баланы полиция бөлүмүнө алып келишкен. Дагы бир тасмада ал имаратка колуна тамеки кармап кирип баратканы тартылган.

Полиция унааны айдай качканы боюнча суракка алып баштаганда, бетин колу менен жаап алып, суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан. Анын жашы жете электигине байланыштуу эч кандай айып тагышкан жок деп жазды жергиликтүү ММКлар.

Тектеш темалар