Стивен Хокинг: Трамптын аракети Жер планетасынын келечегине коркунуч жаратат

Стивен Хокинг Сүрөттүн автордук укугу BBC/RICHARD ANSETT

Профессор Стивен Хокинг АКШ президенти Дональд Трамптын Париж келишиминен чыгуу боюнча чечими оор климаттык өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн деп билдирди.

Анын пикиринде бул чечимдин кесепети өтө олуттуу, Жер планетасы «зыяндуу газдарга толгон планетага» айланышы мүмкүн. Айталы, Венера сыяктуу дейт профессор Хокинг.

Ѳзүнүн 75 жылдык юбилейинин алдында профессор Хокинг Би-би-сиге эксклюзивдүү интервью берди.

Дүйнөдөгү эң белгилүү окумуштуу өмүрүнүн дээрлик көп бөлүгүн каптал амиотрофикалык склерозу илдети менен күрөшүп өткөрүп келүүдө. Илдет башында дарыгерлер болжогондой бат эле өөрчүп кетпеген менен Кембридж университетинин профессору шал болуп калды жана сүйлөө жөндөмүн жоготту.

Баарлашуу жана иштөө үчүн ал компьютердеги сүйлөө синтезаторун колдонот. Оор илдетине карабастан Хокинг биздин замандагы акылга дыйкан залкар кишилердин бири бойдон калды. Анын Ааламдын жаралышы жана "кара туңгуюк" боюнча теориясы биздин космос тууралуу түшүнүктөрүбүздү өзгөрттү.

Хокинг жаш муундарды илимге шыктандырып келүүдө. Бирок анын басма сөздөгү кайрылууларына маани берсең, анын гуманисттик позициясы көбүрөөк таасирлентет.

"Чоң коркунуч"

Анын соңку маегиндеги негизги коркунуч биздин келечегибиз тууралуу.

Атмосферага чачылган зыяндуу газдардын масштабын азайтуу боюнча Париж келишиминен АКШ президенти Трамптын чыгам деген чечими көбүрөөк тынчсыздандырат дейт профессор.

"Биз тагдыр чечүүчү кырдаалга, глобалдык жылуулук кайра артка жангыс болуп калган учурга жакындап келе жатабыз. Трамптын аракети Жерди кыйроого түртүшү мүмкүн жана Жер температура 250 градус болуп, кислота кошулган жаамгыр жааган Венера сыяктуу болуп калат,-деди Хокинг Би-би-сиге берген интервьюсунда. -Климаттын өзгөрүшү биз туш болгон өтө чоң коркунучтардын бири. Бирок биз аны алдын алууга кудуретибиз жетет. Ал үчүн азыр башташыбыз керек. Климаттык өзгөрүүлөр боюнча далилдерден баш тартып, Париж келшиминен чыгуу менен Дональд Трамп биздин кереметтүү планетабызга зыян алып келип жатат. Бул зыяндан качууга да болот эле. Мындай аракеттер табиятка, биздин келечегибизге, биздин балдарыбыздын келчегине коркунуч жаратат".

БУУнун эгидасы алдында иш алып барган климаттык өзгөрүүлөр боюнча Эл аралык эксперттер тобу дагы температуранын жогорулашынын ченеми менен алганда климаттын критикалык абалга жетишине потенциалдуу коркунуч бар экенин көрсөтөт. Бирок бул жаатта бизге али дагы көп нерсе так белгилүү эмес.

Климаттык өзгөрүүлөр боюнча Эл аралык эксперттер тобу жылдык отчетторунда: "Оор кесепеттерге алып келе турган климаттык өзгөрүүлөрдүн даражасы дагы деле белгисиз бойдон калууда",-деп жазышат. Бирок алар температура жогорулап жатканын ишенимдүү айта алабыз деп билдиришет.

Адамзат экологиялык көйгөйдү жана чыр-чатактарды чечүүгө качандыр бир кудурети жетеби деген суроого профессор Хокинг пессимисттик маанайдагы жооп узатты.

Анын пикиринде Жердеги адамзаттын жашоосу түбөлүккө созулбайт.

"Коркконум, ач көздүк жана агрессия - адамдын турпатынын ажырагыс бир бөлүгү болуп калган. Жаңжалдарды чечүүнүн эч кандай белгилери жок. Аскердик технологиянын өнүгүшү жана массалык кыргын салган куралдар катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Адамзаттын жалгыз гана ишене турганы, бул - космосто көз карандысыз колония түзүү керек",-дейт ал.

"Брексит" тууралуу пикирин айтып жатып, Британиянын Европа биримдигинен чыгышы өлкөдөгү илимий изилдөөлөргө зыянын тийгизиши мүмкүн экенине токтолду.

"Илим, бул- коллективдүү жумуш. Ошондуктан мындай кадамдын кесепети жалпысынан алганда негативдүү болот. Британиядагы илим изоляцияда калып, өзүнөн өзү эле жабык болуп калат",-деп эсептейт ал.

Мен андан өзүнүн мурастарын кандай көргүсү келерин сурадым.

"Мен 75 жашка чейин жашайм деп эч качан ойлогон эмесмин. Ошондуктан менин мурасым тууралуу суроо мага канчалык оңдой берди болгонун көрсөтүп турат. Менимче ири жетишкендигим Ааламдагы "кара туңгуюк" боюнча ачылышым болуп калат. Иш жүзүндө ал өтө деле кара эмес",-деди Хокинг.

Кандай белек алгың келет деген суроого окумуштуу илдетин дарылай турган же андан ары өөрчүтпөй турган дары алууну кыялдана турганын айтты.

"21 жаш курагымда мага дарыгерлер диагноз коюп, 2-3 жылдык өмүрүм калганын айтышты. Азыр эми арадан 54 жыл өткөндөн кийин, мейли мүмкүнчүлүгүм чектелген болсо да ишимди улантып, илимий иштерди жазып жатам. Бирок мунун баары мага чоң эмгек жана үй бүлөмдүн, кесиптеш, досторумдун күйүмдүү жардамы менен келди".

Тектеш темалар