Сириялык көтөрүлүшчүлөр Ракканын бекем чыңдалган бөлүгүнө кирди

Сириялык көтөрүлүшчүлөр Ракканын бекем чыңдалган бөлүгүнө кирди Сүрөттүн автордук укугу Reuters

АКШ колдоого алып жаткан күрд жана араб кошуундары Ракканын бекем чыңдалган бөлүгүнө кирип барганын кабарлады. Бул жерди эки жарым жылдан бери өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун согушкерлери эч кимге бербей келген.

Көтөрүлүшчүлөр Ракканын эски шаар бөлүгүндөгү дубалды бузуп өтүүгө жетишти. Америкалык аскерлердин билдирүүсүндө, коалиция чабуулга өткөндөрдү колдоого алып, тарыхый дубалдын эки секциясын уратууга көмөк көрсөткөн.

Өткөн аптада АКШнын колдоосуна таянган "Сириядагы демократиялык күчтөрдүн" альянсы бир нече айга созулган айыгышкан кармаштан кийин шаарды толук курчоого алууга мүмкүн болгонун билдирген. Бул шаар жихадчылардын эң акыркы баш калкалаган жайларынын бири эсептелет.

"ИМ" экстремисттик тобу Ракканы 2014-жылы басып алган. Экстремисттик топ шаарды "халифаттын" борбору деп жарыялаган. Маалыматтарга караганда, чабуул алдында шаарды болжолу төрт миңдей согушкер коргоп турган.

АКШ башында турган эл аралык коалиция Ракканын бошотулушу жихадчыларга чечүүчү сокку болот деп айтууда. Шаар үчүн болгон кармаш көп сандагы жайкын тургундардын өмүрүн алды. БУУнун маалыматына караганда июнь айында эле 173 киши каза тапкан. Жалпы жоготуулар көп болушу мүмкүн.

"Жайкын тургундар тез жеңишке жетүүнүн курмандыгы болуп калбашы керек",-деп билдирүү жасады БУУ.

Айрым такталбаган маалыматтарда Ракканын жүз миңдей тургуну сырт дүйнө менен байланышсыз калганы айтылат. "ИМ" согушкерлери жайкын тургундардын согуш жүрүп жаткан аймакты таштап чыгып кетүүсүнө мүмкүндүк бербей жатканы тууралуу кабарлар келүүдө.

Сириядагы куралдуу жаңжал тутангандан бери 300 миң киши каза таап, 11 миллион киши ата конушун таштап чыгып кетүүгө арагасыз болгон. (AbA)

Тектеш темалар