Дүйнөлүк лидер ким: Трамп, Меркель, Си же Путинби?

Financial Times басылмасы

Мына ушундай суроо койгон макаланы Financial Times басылмасы жарыялады. Аналитик Гидеон Рахман макаласында дүйнө лидерлиги үчүн күрөшкө токтолот.

«Чоң жыйырманын» биринчи саммити 2008-жылдын соңунда Вашингтондо өткөн эле деп жазат ал. Ал учурда жыйындар залындагы эң маанилүү лидер америкалык президент Жордж Буштун кичүүсү экенинен эч кимдин деле күмөнү болгон эмес.

Тогуз жыл өткөндөн кийин «Чоң жыйырма» Германияда кайрадан чогулуп жатат. Бирок азыр Американы башкалар дагы талашсыз лидер деп эсептеши күмөндүү.

Дональд Трамптын "Америка баарынан жогору» деген чакырыгы баарыбыздын эле эсибизде. Деген менен эл аралык коомчулукта башка дагы болжолдуу лидерлер пайда болуп жатат.

Эгерде бул суроо коомдук пикир менен аныкталчу болсо, анда дүйнө лидери Германиянын канцлери Ангела Меркель болуп калмак. Бирок дүйнө лидери деген бул -сулуулар конкурсу эмес да.

Бул наамга умтулгандардын баарынын алсыз жана күчтүү жактары бар.

Дональд Трамп:

Pro: Дональд Трамп чоң күчкө ээ таасирлүү державанын башында турат. АКШда башка өлкөлөргө салыштырганда глобалдык альянстарынын бүтүндөй түйүнү бар десек болот. Американын аскердик кубатына тең келчүлөр жокко эсе. «Жыйырмалыктагы» көп өлкөлөр өздөрүнүн коопсуздугу үчүн дагы АКШга көз каранды.

Бирок Дональд Трамптын күлкүлүү жүрүм-туруму олуттуу тынчсызданууларды жаратып, АКШда президентке караганда бийлик институттары бекем көрүнүшү мүмкүн.

Contra: «Америка баарынан жогору» деген Трамптын сөзү анын союздаштары коопсуздук боюнча америкалык кепилдикке таянат дегенге күмөндү жаратат. Ошондой эле президенттин протекционизми АКШнын эл аралык соода системасындагы салттуу ролун начарлатат. Трамптын эл аралык деңгээлдеги анчейин бийик эмес популярдуулугун эске алганда, ага абдан жакын позицияны карманган кандай гана чет элдик лидер болбосун, бул үчүн өз үйүнө барганда жооп берип калышы мүмкүн.

Си Цзиньпин:

Pro: Кытайдын акчасы көп жана каражатын сырткы өлкөлөрдөгү таасирин артыруу үчүн жумшаганга даяр. Азия өлкөлөрүнүн лидерлери бир катар маселесин Пекинге жакындоо менен чечип алышы мүмкүн. Бирок Вашингтондон бир топ алыстап кетишет.

Европада Си Цзиньпиндин репутациясы климаттык өзгөрүүлөр боюнча маселедеги позициясынан улам ачык эле жогорулады.

Contra: Си Цзиньпин эркин соода-сатыкка Дональд Трамптан дагы начар мамиледе. Кытай авторитардык өлкө. «Чоң жыйырмадагы» өлкөлөрдүн Сауд Арабиясынан башкасы бүт демократиялык өлкөлөр.

Ангела Меркель:

Pro: Ал мыйзамдын коргоочусу жана интернационалист. Европа аймагындагы кризистерди, украин кризиси, миграциялык кризис жана "брекситтен" кийинки дендароо абалды жайгарууга умтулганы мактоого татыйт. Муну менен анын популярдуулугу артып, бийлиги бекемделди. Иш жүзүндө анын тажрыйбасы жана Германиянын экономикалык кубаты аны Европа бримдигиндеги лидер кылды.

Contra: Аскердик кубаттын жоктугу. Эгерде душмандашкан күчтөр чек араны бастырып кирсе, анда жардам сурап кимге чаласыз?

Мына ушул pro et contra дегенди карап олтуруп, «Чоң жыйырмадагы» өлкөлөрдүн ичинен кимди лидер деп эсептеш керек экенин аныктоо кыйын.

Айрымдар Путинге да кылчактап карашы мүмкүн. Бирок Путин башка өлкөлөргө таасир этип, Орусия кубаттуу аскердик күчкө ээ болгон күндө дагы экономикасы өтө алсыз. Лидердин ролун ойнош үчүн дипломатиялык жактан дагы өтө эле обочолонуп алган.

Согуштан кийинки тарыхта азыркыдай глобалдык лидердин белгисиз болгон учурун эстей албайсын деп жазат Financial Times басылмасына аналитик Гидеон Рахман. (AbA)

Тектеш темалар