Москванын канча бөлүгү бузулат: инфографика

Москвада 15 млн чарчы метр турак жай аянты бузулат

Москвадагы эски үйлөрдү жана имараттарды масштабдуу бузуу жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. Бийликтер жакынкы жылдары 4000 ашык үйдү же 15 млн чарчы метр турак жай аянтын бузуп кайра салышмакчы.

Реновация программасы 15 жылга эсептелген жана Москвада эски үйлөрдү массалык түрдө бузуу каралган. Бузула турган имараттардын тизмесине 4500 курулуш кирген.

Эгерде бузула турган үйлөрдүн баары шаардын ортосунда болгондо баш калаанын канча бөлүгү бузулмактыгын жана 15 млн чарчы метр турак-жай аянты дүйнөнүн ири шаарлары Сан-Паулу, Токио жана Лондондо кандай экендигин Би-Би-Си санап салыштырып чыкты.