Катар кризиси: ультиматум аяктады, эми эмне болот?

Сауд Арабиясы Катардын кургактагы жалгыз чек арасын жаап салды. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сауд Арабиясы Катардын кургактагы жалгыз чек арасын жаап салды.

Перс булуңундагы өлкөлөр тарабынан Катарга коюлган 13 талаптын мөөнөтү аяктады. Катардын жообу сүйлөшүүлөрдө арачылык кылып жаткан Кувейттин өкүлдөрүнө берилген.

Катардын Тышкы иштер министри бул талаптарды ушунчалык реалдуулуктан алыс деп атады. Ошондуктан ага тескери жооп болгон.

Бириккен Араб Эмираттарынын расмийлери Би-би-сиге билдиргендей, Катарга коюлган талаптардын мөөнөтү аяктагандан кийин, ага араб дүйнөсүнө кайра кайтып келүү сунушу артка чакыртылып алынат. Катарга коюлган экономикалык жана саясый санкциялар туруктуу мүнөзгө өтүп, Катар өз коңшуларынын каарына калат.

Жакынкы Чыгыштагы кризис Батыш үчүн эки себептен улам маанилүү.

Биринчиден, өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ менен күрөштү улантууда Катар негизги союздаш өлкө. Катардын аймагында Жакынкы Чыгыштагы эң ири америкалык Аль-Удейд аскердик базасы жайгашкан.

Экинчиден, Катардын дүйнөлүк экономикага, анын ичинде АКШ жана Британияга салган стратегиялык инвестициясы 335 млрд долларды түзөт.

Эгерде Батышка Катар жана анын каршылаштарынын бирөөсүн тандоо керек болуп калса, анда бул инвестиция коркунучка кептелиши мүмкүн.

Кризистин себеби эмне?

Сиз кимдин жүйөөсүн уккуңуз келсе ошого байланыштуу. Кризистин себеби терроризм же сырткы саясат.

Булуңдагы негизги үч өлкө - Сауд Арабиясы, БАЭ, Бахрейн коңшусу Катарды терроризм жана экстремизмди колдоого алган деп күнөөлөп жатат. Бул айыптоолорго Египет жана башка араб мамлекеттери кошулду.

Алардын сөзүнө караганда 20 жыл ичинде Катар "Мусулман агайындар", "Аль-Каида" жана "Ислам мамлекети" сыяктуу террордук топторду колдоого алып, чөлкөмдү олку-солку кылып келген. 2014-жылы бул колдоону токтотуу убадасына карабай улантып келди дейт Катарды айыптаган өлкөлөр.

Алар ошондой эле Иракта аңчылыкта жүрүп барымтага түшүп калган падышалык үй-бүлө мүчөлөрүн бошотуу үчүн Иран колдоого алган куралдуу шийит топторуна Катар чоң суммада кун төлөгөн деп айыптап жатышат.

Катар бул айыптоолордун баарын четке кагып жатат. Азыркы жаңжалдын негизги себеби бул эмес дейт катарлык расмийлер. Кеп бул жерде сырткы саясатты Сауд Арабиясынын чийген чийини менен алып барууга мажбурлоо деп мүнөздөшүүдө.

Катардын Тышкы иштер министри коюлган талаптарды өлкөнүн эгемендигине кол салуу деп атады.

Булуңдагы өлкөлөр чынында эмнени талап кылып жатышат?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Катардын бийлигин Ирактагы куралдуу шийит топторуна каржылык колдоо көрсөткөн деп айыптап жатышат.

Катарга коюлган он үч талаптын ичинде «Аль-Жазира» телеканалын жабуу бар. Дагы бир талап жакында эле кошумча аскер техникалары жана кызматкерлер менен толукталган Түркиянын аскердик базасын жабуу.

Ошондой эле Иран менен дипломатиялык байланыштарды токтотуу талабы коюлган.

Бул талаптар түзүлгөн кризисте араб өлкөлөрү Катардан эмнени күтүп жатканын так түшүндүрүп бериши керек деп АКШ ичи чыкпаган билдирүү жасагандан кийин пайда болду. Арачылык кылып жаткан Вашингтон ушундан кийин талаптар акылга сыйарлык жана ишке аша тургандай болушу керектигин суранды.

Катарга доомат койгонго негиз барбы?

Ооба, бар. Бирок ушундай эле дооматты Сауд Арабиясына койсоң деле болот.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Катардын араб өлкөлөрүндө аз эле союздаштары калды.

Көп жылдан бери Катар исламчыл саясый топтор «Мусулман агайындар" жана ХАМАС менен ошондой эле Ливия, Сириядагы исламчыл уюмдар менен кызматташып келүүдө. «Аль-Жазира» телеканалын көпчүлүк кишилер террордук деп мүнөздөгөн акцияларды колдоого алган экстремисттерге платформа түзүп берип жатат деп айыпташууда.

Катардын курчоосундагы консервативдүү монархиялык династиядагы уруулар - Сауд Арабиясындагы Аль-Сауд, Бахрейндеги Аль-Халиф, Абу-Дабидеги Аль-Нахайян бул исламчыл топторду алардын башкаруусуна түздөн-түз коркунуч катары кабыл алышат. Ал эми "Мусулман агайындарды" алар терроризмдин синоними катары эле эсептешет.

Катар чыны менен эле терроризмди каржылайбы? Өткөн аптада Лондондо болгон катарлык расмийлер муну кескин түрдө четке какты.

Бирок 2014-жылы катарлык чалгын кызматынын жетекчиси мага Сириядагы «Жабхат ан-Нусра» согушкерлери тарабынан барымтага алынган бир нече кишини кантип куткарып алышканы тууралуу айтып берген. Бул топ террордук деп эсептелет. Ал учурда «Аль-Каида» менен тыгыз байланышта болуп турган.

Барымтачылар Катардан бирдеме албай туруп колго түшкөндөрдү жөн эле бошотуп жибербесе керек.

Катарды айыптап жаткандар терроризмди колдоого алат деп өлкө аймагында жашаган 59 кишинин тизмесин жарыялады. Алардын бири өлкөнү башкарып жаткан падышалык үй-бүлө менен туугандык дагы жайы бар экен.

Катар бул тизмени саясатташкан жасалма деп атады. Өлкөдө терроризм боюнча шектелгендер абакка камалган же артынан аңдуу коюлган дейт катарлык бийлик.

Сауд Арабиясына доомат койгонго негиз барбы?

Көптөр үчүн Сауд Арабиясынын башка өлкөнү терроризм боюнча айыптап жатканы таң каларлык угулуп жатат.

2001-жылдын 11-сентябрындагы терактка катышкан 19 кишинин 15и саудиялыктар (арасында бир дагы катарлык жок) болгон. "ИМ" тобунда төрт миңден ашуун саудиялык кошулуп кетип, кийин кеч болсо да саудиялык бийлик токтотуп калуу аракетин көрдү.

Ошондой эле дагы бир маанилүү жагдай экстремисттик көз караштагы коомдор, айталы ваххабизм жана "ИМ" идеологдорун бириктиргендер жана миңдеген диний консерваторлордун Сауд Арабиясында болгону. Бул көз караштардын чордонунда такфир турат. Эгерде исламдын консервативдүү бутагын колдобогон болсо, кайсыл гана мусулман болбосун динден чыккан деп жарыяланышы мүмкүн.

Бул идеологиянын көптөгөн жактоочулары үчүн 150-200 миллион шийиттер динсиздер деп эсептелет. Христиандык чиркөөлөр жана мусулмандарга тиешеси жок сыйынуучу жайларга Сауд Арабиясында тыюу салынган. Башын алып жазалоо ыкмасы колдонулат.

Сауд Арабиясында көптөр өлкө мындай диний катаалдыктардан кетсе деп каалашат. Жаңы ханзада Мохаммед Бинг Салам өлкөдөгү диний полициянын укугун чектеди.

Бул талашка Британия дагы аралашып калдыбы?

Түздөн-түз аралашкан жок. Бирок араб өлкөлөрү тарабынан коюлган блокаданы алып салууга Катар өзүнүн союздаштарын, анын ичнде Британиянын дагы чакырды.

Булуңдагы өлкөлөрдүн баарынын аймагында кайсыл бир өлкөнүн терроризм же экстремизмди жашыруун колдоого алганын аныктоого мүмкүндүк берген көзөмөл системасын орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Катар менен БАЭ бул системага кошулууга даяр экенин билдирди.

Улуу Британия үчүн кризистин өөрчүп кетишинин эң опруталдуу варианты араб өлкөлөрү Катар менен башка өлкөлөр ортосунда, анын ичинде экономикалык байланыштар боюнча тандоо жасаганга түрткөнү болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө дагы Британия үчүн кеп миллиарддаган фунт жөнүндө баратат.

Катар эң кооз жана жасалгалуу Лондондогу «Харродс» универмагына ээлик кылат. Ошондой эле Европадагы эң бийик имарат эсептелген Лондондун борбордук бөлүгүндөгү Шарддын 95% акциясы, лондондук биржанын 22%, Barclays банкынын 6% Катарга таандык.

«Брекситке» жакындап келе жаткан Британия мындай инвестициядан ажырап калгысы келбейт.

Кризистин арты согушка алып келбейби?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Катарды Сириядагы "Аль-Каидага" байланышы бар топторду колдойт деп айыпташты.

Андай болушу мүмкүн эмес, бирок муну жокко чыгарууга да болбойт.

БАЭ өкүлү менен сүйлөшкөн учурда алардын мындай планы жок экенин, куралдуу кагылышуу бардык тараптар үчүн бүлүнүү болорун айтты. Катардын Түркия менен узак мөөнөткө аскердик келишими бар. Анын аймагында түркиялык жана америкалык аскер базалары жайгашкан.

Катардын Москвадагы элчиси Фахад аль-Аттия өткөн аптада мага түркиялык күчөтүлгөн контингенттин болгону Катар үчүн чоң жардамын тийгизип, башкалар бастырып кирүүсүнө мүмкүндүк бербегенин айтты.

Конфликтке аралашкан өлкөлөрдүн баары батыштын жаңы куралдарын сатып алуу үчүн оңбогондой каражат жумшоосун улантып жатышат.

АКШ Катарга 12 млрд долларга F15 аскер учагын сатууну пландаган. Бирок бул план сенаттагы сырткы саясат комитетинин жетекчиси Боб Коркер тарабынан убактылуу токтотулду. Ал Перс булуңундагы өлкөлөрдүн конфликти толук чечилгенге чейин бул өлкөлөргө америкалык куралдарды жеткирүүнү токтотуу керек деп көшөрүп жатат.

Эмнеге конфликтке Түркия жана Иран тартылды?

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түркиянын өкмөтү Катарды колдоп жатат

Түркиянын өкмөтү Катарды колдоп жатат. Өткөн аптада Катардын делегациясы Түркиянын Коргоо министри менен жолугушуп, биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүүнү талкуулады.

Иран болсо Катар менен деңиз аркылуу чектешет. Ошондой эле алар Парста биргелешкен газ кенинен ээлик кылат.

Катар азык-түлүктөрдүн көбүн сырттан алып кирет. Азыр эми курагактан Сауд Арабиясы аркылуу өткөн жалгыз жол жабык турат. Азык-түлүктү аба аркылуу жеткирүүнү Иран ишке ашырып жатат.

Катарлыктар азыркы абалын 1948-жылдагы Батыш Берлиндеги кырдаалга салыштырып жатышат.

Катар өзүнүн коңшусу Иран менен мамиле түзүүгө толук укугу бар экенин айтууда. Эгерде азыркы кризистин чечүү жолдору табылбаса, анда Катар менен Ирандын байланыштары дагы чыңдалышы мүмкүн деп эсептесе болот.

Мындан ары эмне болот?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Катардын жарандары өзүнүн эмирин колдоп жатышат.

Кувейт менен АКШнын арачылык аракети азырынча жыйынтыгын бере элек.

Саудиялыктар кандайдыр бир чегинүүгө баруудан баш тартып жатат. Катар болсо блокада алынмайын сүйлөшүүгө келбей турганын билдирди.

Шаршембиде Каирде Сауд Арабиясынын, Бахрейн, БАЭ жана Египттин Тышкы иштер министрлери жолугушат. Алар өздөрүнүн кийинки кадамдары тууралуу сүйлөшмөкчү.

Тектеш темалар