Дүйнөдөгү катуу изделген адам: "ИМ" лидери кайда жашырынып жүрөт?

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Акыркы жолу аль-Багдади эл алдына 2014-жылы Мосулда чыкты.

Үч жыл мурун Мосулдагы ан-Нури мечитиндеги намаздан кийин өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун лидеримин деген Абу Бакр аль-Багдади өзүнө ант берүүнү талап кылган видеосу тараган.

Мунун алдында эле Ирактын бул шаары жихадчылар тарабынан басып алынып, "халифат" курулганын шардана кылышканы бар.

Бул учурда "ИМ" тобу аянты Британияга тете жерди көзөмөлдөөгө жетишип, бирок азыр эл аралык өнөктүктөн улам жихадчылар чегинүүдө. Ал эми АКШ тарабынан кармаган кишиге 25 миллион доллар убада кылынган аль-Багдадинин кайда жүргөнү табышмак бойдон калып келүүдө.

Аль-Багдадинин коомчулуктун алдына жасаган соңку билдирүүсүнөн бери үч жыл өттү. "ИМ" мурдагы басып алган аймагынын чоң бөлүгүн көзөмөлүнөн чыгарган жана негедир топтун лидери үн катпаганы да шек жаратат.

Анын соңку жазып алынган аудио кайрылуусу өткөн жылдын ноябрь айында, Мосулду согушкерлерден бошотуу операциясы башталган учурда жасалды.

Бул жымжырттыктын фонунда аль-Багдадинин аба соккусунан өлгөнү тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсү чыкты. Бирок бул кабар такталган жок жана америкалык расмийлердин күмөнсүнгөн ишенбестигин жаратты.

Орустардын бул кабарынан бир аптадан кийин Раккада тартылган тасмада "ИМ" согушкерлери өздөрүнүн "шейхине" шилтеме берип сүйлөшөт. Бул жерде аль-Багдадинин ысымы негедир эскерилген эмес.

"Талибан" менен "Аль-Каида" талибдердин лидери Молдо Омардын өлүмүн эки жыл жашырып келген эмеспи.

Ушундай кырдаалда жактоочулары үчүн да, каршылаштары үчүн дагы аль-Багдадинин жок болгону өтө эле таң калыштуу көрүнөт.

"Үчүнчү борбор"

Аль-Багдадинин кайда экени белгисиз болуп жатканы боюнча суроонун жообу балким анын халиф болуу укугуна байланыштуу болушу мүмкүн.

Диний берилген укук боюнча бардык эле талапкер бул наам үчүн күрөшө албайт. Критерийлердин ичинде эгер анын "башкарган жери" болсо гана ошол даража үчүн талапкер боло алары көрсөтүлгөн.

Азыр эми ал башкарган жердин аянты улам кыскарып жатат. "ИМ" тобу Мосулда дээрлик жеңилүүгө учурады. Раккада араңдан эле каршылык көрсөтүп жатат. Бул деген Сирия менен Ирактагы "ИМ" тобунун борбору саналган жерлер.

Аль-Багдади болжолу "үчүнчү борбор" деп атоого мүмкүн болгон жерде жашырынып жүрүшү мүмкүн. Ал районду эки тараптан тең - сириялык жана ирактык чек арасын "ИМ" тобу көзөмөлдөп турат.

Жихадчылар бул аймакты аль-Фурат вилайаты же "Евфрат провинциясы" деп аташат. Бул аймакка негизинен ирактын Эль-Кайм жана сириялык Абу-Камаль шаарлары кирген.

2014-жылы "ИМ" тобунун ийгилиги аль-Фурат вилайатынан башталган. Согушкерлер өздөрү тасмасында ырастагандай, алар бул аймактарды Сирия жана Иракка жасаган алгачкы чабуулундагы аянтча катары колдонушту.

Чөлдөгү башпаанек

«ИМ» согушкерлери Мосул шаарындагы тарыхый ан-Нури мечитин жардырып жиберди. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption «ИМ» согушкерлери Мосул шаарындагы тарыхый ан-Нури мечитин жардырып жиберди.

Бул шаарларды бошотуу өнөктүгү али баштала элек. Сирия тараптан боло турган чабуулдун башында ким турушу керек? АКШ же сириялык өкмөтпү, анын союздаштарыбы? Азырынча бул суроо Вашингтондо талкуулануда.

Эгерде өнөктүктү АКШ жетектей турган болсо, бары бир көтөрүлүшчүлөр же күрддөр башында турган "Сириялык демократиялык күчтөрдүн" альянсы күрөштүн башында тура алабы деген суроо ачык бойдон калат.

Иракта болсо өкмөттүк күчтөр үчүн азырынча приоритет катары Мосулдун батышындагы Талль-Афар шаары сыяктуу жерлер эсептелип жатат.

Ирак өкмөтүндө кеңешчи жана ирактык жихаддык топтор боюнча эксперт Хишам аль-Хашиминин болжолунда аль-Багдади аль-Фурат вилайатында болушу мүмкүн.

Соңку эки жылда Ирактын өкмөтү Абу-Камалга абадан бир нече ирет сокку жолдоду. Хашиминин айтымында аль-Багдадинин жакын жардамчыларынын бири Ияд аль-Жамилини ушул сириялык шаардан табылган.

"ИМ" лидеринин жакын санаалаштарынын бир катары экстремисттик топ үчүн маанилүү болгон Сириянын Дайр-эз-Заур провинцисындагы Абу-Камал жана Меядин шаарларында жүргөнү белгилүү болгон дейт Хашими.

Аль-Фурат вилайаты азыр эми "ИМ" тобунун көзөмөлдөп турган жалгыз аймагы болуп калды.

Чөлкөмдү бошотуу үчүн өнөктүккө даярдык көрүүгө бир нече айлар сарпталат. Аны өткөрүү дагы көп убакытты талып кылмакчы. Бул аймактарды "ИМ" тобунан тазалаган күндө дагы, согушкерлер чөлдөрдү, чек ара аймактарын башпаанек кылуу үчүн пайдаланып, шаарларга кол салышы мүмкүн.

Аль-Багдади башка жихадчыл лидерлерге караганда өтө зарыл болгон учурда гана коомчулук алдына чыгып кайрылуу жасайт. Мындай учур халифат тууралуу жарыяланганда жана Мосул үчүн кармашка чакырганда болду.

"ИМ" тобунун канчалык жогорку иерархиясында болгон сайын, анын тегерегиндеги чөйрөсү дагы тарыйт экен. Мындайча айтканда аз гана жакын санаалаштары тегерегинде болот. Ошондуктан аль-Багдадинин кайда экенин тар чөйрө гана билет. Бул дүйнөдөгү эң катуу издөөгө алынган кишинин артынан ар дайым аңдып, шегин билип калуу аракетин көрүп келе жаткан АКШнын атайын күчтөрүнүн тапшырмасын татаалдаштырды.

Сирия менен Ирактын чек ара аймактары аль-Багдади үчүн көзгө тааныш жана салыштырмалуу коопсуз жерлер. Демек, ал бул жерлерде жашырынып, өзүнө кол салуу жана кармоо аракеттеринен бой жашырып кетиши мүмкүн.

Хассан Хассан - Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча Тахрир институтунун илимий кызматкери, "Ислам мамлекети: Террордун армиясы" деген китептин автору.

Тектеш темалар