Мадуронун тарапташтары депутаттарды сабады

Бир катар маалымат каражаттары сегиз киши жаракат алганын жазды. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Бир катар маалымат каражаттары сегиз киши жаракат алганын жазды.

Венесуэла президентинин ондогон тарапташтары оппозициялык маанайдагы депутаттар үстөмдүк кылган өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын имаратына бастырып кирип, бир нече депутат жана журналисттер жаракат алган.

Окуя болгон жердеги тартылып алынган тасмадан парламент имаратынан эки оппозициялык маанайдагы депутаттын бети-башы канжалап чыгып келе жатканын көрүүгө болот.

Оппозицияны колдоого алган La Patilla сайтынын маалыматына караганда чогулуп турган албарман топтун арасынан бир нече киши суурулуп чыгып, парламент имаратына кирип барган.

Бир катар маалымат каражаттары сегиз киши жаракат алганын жазды. Арасында парламент депутаты Америко де Грациа дагы бар.

Башаламандык президент Николас Мадуро өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн аскердик парадда кайрылуу жасагандан кийин орун алды.

Мадурону жактагандар парламент имаратына кирип барганга чейин ал жерге вице-президент Тарек эль-Айссами менен Куралдуу күчтөрдүн жетекчиси Владимир Падрино Лопес келген.

Эль-Айссами парламентте кайрылуу жасап, бийликти жактагандарды колдоо көрсөтүүгө чакырган. Башында бир нече саат парламенттин алдында каршылык акциясы өттү. Андан кийин ал жердегилер парламентке кирип барышты.

2015-жылдагы шайлоодон кийин өлкө парламенти оппозициянын көзөмөлүнө өткөн. Мадуронун тарапташтары тез-тез эле Улуттук ассамблеянын алдында каршылык ацияларын өткөрүп келүүдө.

Ал эми соңку үч айдан бери Венесуэла оппозициялык митингдердин кучагында калды. Демонстранттар менен полициянын кагылышуулары дагы орун алууда. Жалпысы болуп 90 киши мерт болду. Бийлик менен оппозиция зомбулукка жол берди деп бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тектеш темалар