Гарри Каспаров чоң шахматка кайтып келет

Сүрөттүн автордук укугу NOAM GALAI
Image caption Гарри Каспаров профессионалдык деңгээлде дээрлик 12 жылдан бери ойной элек.

Grand Chess Tour шахмат сериясынын уюштуруучулары Сент-Луистеги америкалык турнирде дүйнөнүн 13 жолку чемпиону Гарри Каспаров катыша турганын жарыялады. Каспаров ушул беттештер үчүн карьерасын кайра жаңылады деп билдирди уюштуруучулар.

2005-жылы Гарри Каспаров чоң шахматтан кетерин жарыялагандан бери көрсөтмө беттештерге гана катышып келген. Андан сырткары ал 2010-жылы норвегиялык гроссмейстер Магнус Карлсендин жеке машыктыруучсу болуп иштеген. Карлсен соңку он жылдыктагы мыкты шахмат чебери.

Каспаров Сент-Луистеги турнирде төрт wild-card болсо анын бирин алган. Бул жерде шахмат рейтингинде экинчи орунда турган Хикару Накамура, ошондой эле Сергей Карякин жана Вишванатан Ананд дагы катышууда.

"Бир болсо мен турнирдин катышуучуларынын орто жаш курагын жогорулатып, орточо рейтингди төмөндөтөм го!»,-деп жазды "Твиттердеги" барагына Гарри Каспаров. Азыр анын расмий рейтинги жок.

Гарри Каспаров 1985-жылы тарыхый беттеш катары аталып калган Анатолий Карпов менен беттешти утуп чыгып, дүйнө чемпиону болгон. Ошондон бери ФИДЕ рейтингиннин биринчилигин 2006-жылга чейин эч кимге бербей келди.

Анын рекорддук рейтинги 2851 балл болуп, 1999-жылы орнотулган. Аны 2013-жылы гана Магнус Карлсен басып өттү.

Өзүнүн спорттук карьерасын жыйынтыктагандан кийин Каспаров активдүү түрдө Владимир Путиндин саясый режимине каршы күрөшөрүн айткан. Тагыраагы ал оппозициялык саясатчы катары бир катар кыймылдарга, уюмдарга мүчө болуп, каршылык акцияларына катышты.

2012-жылы октябрда Каспаров орус оппозициясынын Координациялык кеңешинин башына келген.

2013-жылы Орусияны таштап чыгып кетип, Гарри Каспаров бийлик тарабынан куугунтуктоодон кооптонуп ушундай чечим кабыл алганын айтканы бар.

Ал азыр туруктуу Нью-Йоркто жашайт. 2014-жылы Хорватиянын жарандыгын алган. Ал жакта дагы өзүнүн үйү бар. (AbA)

Тектеш темалар