Араб өлкөлөрү Катарга карата кошумча чараларды караштырууда

Каирде Сауд Арабиясынын, Бириккен Араб Эмираттарынын , Бахрейн жана Египттин Тышкы иштер минстрлери жолукту. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Каирде Сауд Арабиясынын, Бириккен Араб Эмираттарынын , Бахрейн жана Египеттин Тышкы иштер минстрлери жолукту.

Араб өлкөлөрү Катарга коюлган ультиматумуна тескери жооп алганына карабастан байкот кылуусун уланта берет.

Бул тууралуу Каирде өткөн Сауд Арабиясынын, Бириккен Араб Эмираттарынын , Бахрейн жана Египеттин Тышкы иштер минстрлеринин жолугушуусунда айтылды.

Жыйында министрлер Катардын тескери жообун "кырдаалдын олуттуу жана кооптуу экенин түшүнбөй жатканын күбөлөйт» деп баалап, буга өкүнүчтөрүн айтышкан.

Сауд Арабиясынын Тышкы иштер мнистри Адель аль-Жубейр кеңешүүлөрдөн кийин Дохага карата кошумча чараларды киргизүү боюнча маселе караларын айтты.

Перс булуңундагы алдыңкы үч өлкө - Сауд Арабиясы, БАЭ, Бахрейн коңшусу Катарды терроризм жана экстремизмди колдоого алган деп күнөөлөп жатат. Бул айыптоолорго Египет жана башка араб мамлекеттери кошулду.

Бир ай мурун бул өлкөлөр Катар менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялашкан.

Араб өлкөлөру Катарды террордук топторду колдоого алып, чөлкөмдү олку-солку кылып келген деп айыптап жатышат. Ошондой эле Иракта аңчылыкта жүрүп барымтага түшүп калган падышалык үй-бүлө мүчөлөрүн бошотуу үчүн Иран колдоого алган куралдуу шийит топторуна Катар чоң суммада кун төлөгөн деп күнөлөшүүдө.

Катар бул айыптоолордун баарын четке какты. Азыркы жаңжалдын негизги себеби бул эмес дейт катарлык расмийлер. Кеп бул жерде сырткы саясатты Сауд Арабиясынын чийген чийини менен алып барууга мажбурлоо деп мүнөздөшүүдө. Катардын Тышкы иштер министри коюлган талаптарды өлкөнүн эгемендигине кол салуу деп атады.

23-июнда Сауд Арабия, Египет, БАЭ жана Бахрейн 13 талаптан турган тизмени Катарга берип, аны аткарууну талап кылган. Он үч талаптын ичинде «Аль-Жазира» телеканалын жабуу, жакында эле кошумча аскер техникалары жана кызматкерлер менен толукталган Түркиянын аскердик базасын жабуу, ошондой эле Иран менен дипломатиялык байланыштарды токтотуу талаптары бар.

Аны аткаруу үчүн Катарга он күн убакыт берилди. Катардын Тышкы иштер министри бул талаптарды ушунчалык реалдуулуктан алыс деп атап, ага тескери жооп болору алдын ала эле аныкталып калган болчу деп айтты.

Бириккен Араб Эмираттарынын расмийлери Би-би-сиге билдиргендей, Катарга коюлган талаптардын мөөнөтү аяктагандан кийин, ага каршы киргизилген экономикалык жана саясый санкциялар туруктуу мүнөзгө өтүп калат. (AbA)