Би-Би-Си сурамжылоо: АКШ менен Орусияны бирдей жаман көрүшөт

АКШда Трапмтын саясатына каршылык барган сайын күч алууда. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Тигил же бул мамлекеттин башка өлкөлөргө таасири биринчи кезекте президенттердин жүргүзгөн эл аралык саясатына жараша болууда.

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын тапшырмасы боюнча GlobeScan компаниясы 17 өлкөдө жүргүзгөн сурамжылоо Орусия менен АКШнын таасири башка өлкөлөрдө барган сайын терс кабыл алынууда. Сурамжылоого катышкандардын 49% эки өлкөгө тең жаман мамилесин билдиришкен.

Ошол эле убакта сурамжылоого алынган өлкөлөрдүн көп жашоочулары Канаданын (61%), Германиянын (59), Япониянын (56), Франциянын (52%) жана Улуу Британиянын (51%) таасирин жакшы кабыл алышкан.

Дүйнөдө Орусия менен АКШдан жаман көргөн өлкөлөр бар. Мисалы, Иран (61%), Түндүк Корея (59%), Пакистан (58%) жана Израиль (50%). сурамжылоо жүргүзгөн компания кээ бир орточо көрсөткүчтөр 17 эмес, 18 мамлекеттин маалыматтарына негизделип чыгарылганын эскертүүдө. (КС)

Тема боюнча башка макалалар