Түркиядагы тазалоо: НАТО офицерлери мекенине кайта албай жатат

Ѳткөн жылы июль айында Түркияда аскер төңкөрүшүн ишке ашыруу аракети болгон. Анкара менен Стамбулдагы куралдуу кагылышуулардан кийин, өлкөнү заматта тартипке келтиришти. Төңкөрүштү уюштурду делгендер камакка алынган, бирок кийин массалык тазалоо башталды. Миңдеген кишилер - юристтер, мугалимдер, аскер кызматкерлери төңкөрүшкө катыштыгы болгон деген шек менен камакка алынып, кызматтан бошотулду. Брюсселдеги Ethnos басылмасынын кабарчысы Мария Псардын айтымында, тазалоолор ал тургай Бельгияга чейин жетти.

Брюсселдеги чакан кафеде олтурган эки киши айланасын абдан кунт коюп карап жатат. Алар артынан аңдыгандар бар жогун байкоого алгандагысы.

Аларды коштоп келген жубайлары дагы сүйлөгөнгө болот деген белигини күтүп, унчукпай олтурушту.

Буга чейин Ибрагим мага алар өмүрүнөн коркуп жашап жатышканын айтып берген эле.

Image caption Бул офицерлердин Түркиядагы активтери тоңдурулуп, паспорттору жокко чыгарылган.

"Түркиялык басылмалар бизди террорист деп атап, жок кылуу керек деп жатышат,-дейт ал.-Түрк бийлиги бизди саткынга чыгарып, шегибизди билип калгандарга бизди жок кылуу кеңешин беришти».

Бир жыл мурун Ибрагим жана Абдулла (бул алардын чыныгы ысымдары эмес) НАТОдогу Түркиянын жогорку даражадагы аскер кызматкери болушкан. Азыр эми алардын жумушу дагы жок, иш жүзүндө жарандыгынан да айырылышты.

Булар эми өткөн жылдагы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнөн кийинки бийликтин тазалоосуна кабылган миңдеген кишилердин бири болуп калды.

НАТОнун түркиялык эки офицеринин жана алардын жубайлары Айша менен Деңиздин (ойдон чыгарылган ысым) жашоосу аласалып кеткендей эле болду.

Алар турак-жайынан, болгон мүмкүнчүлүктөрүнөн айрылып, мекенине кайтып бара албаган абалда турушат.

2016-жылы 15-июлдун түнүндө төңкөрүш жасоо аракети ишке ашпай калгандан кийин, он миңдеген мамлекеттик кызматкерлер, судьялар, мугалимдер, журналисттер камакка алынды. Аларды белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышта болгон деп айыпташкан.

Анткени бийлик ишке ашпай калган төңкөрүштүн артында турган деп Фетхуллах Гүленди күнөөлөгөн. АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карбай Түркия Фетхуллах Гүленди террордук уюмдун лидери атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келет.

Репрессияга армиянын жүздөгөн офицерлери дагы туш болду. Бирок чет өлкөдө жүргөн официерлер өзгөчө деле кооптонуу сезишкен эмес. Анткени төңкөрүш учурунда алар сыртта жүргөн.

"Түркиянын армиясында 600 миң киши кызмат кылат,-дейт Ибрагим. -Эгерде мындай армия төңкөрүш кылууну кааласа, анда аларга чет өлкөдө жүргөн бирин-экин офицерелердин жардамынын кереги жок. Түркиянын өзүндөгүлөр эле жетиштүү болмок».

Бирок өткөн жылы августтан тарта Брюсселге кызматынан убактылуу четтетилген офицерлердин тизмеси келе баштады.

Сентябрь соңунда Түркиянын чет элдеги өкүлчүлүктөрүнө, анын ичинде НАТОнун Брюсселдеги жана Монстогу баш кеңсесине 221 түркиялык офицердин тизмеси келди. Башкы штаб тарабынан бул офицерлерди токтоосуз Түркияга кайтып келүү тапшырылган.

"Менин ысымым дагы тизмеде болгон. Биз Түркияга чалып эмне болгонун, бизди эмнеге айыптап жатышканан түшүнгүбүз келди. Ага жооп кылып, жөн гана биринчи каттам менен тез кайтып келүүбүздү буюрушту»,-дейт Абдулла.

Бул буйрукту аткарбагандар атайын жарлык менен армиядан бошотулуп, аларга Гүлендин кыймылы менен байланышкан деп айып тагышты. Гүлендин кыймылын Түркияда «тероорчул» кыймыл деп жарыялашкан эле.

Бул офицерлердин Түркиядагы активтери тоңдурулуп, паспорттору жокко чыгарылган. Ал эми Европадан чукул Түркияга чыгып кеткен офицерлердин дээрлик баары, мекенине баргандан кийин камакка алынышкан.

Жалпысы болуп тазалоого НАТОдогу, ошондой эле дүйнөдөгү башка түркиялык дипломатиялык миссияларда жүргөн 700дөн 950гө чейинки түрк офицери кабылган.

Алардын көпчүлүгү кайсыл өлкөдө жүргөн болсо ошол өлкөсүнөн саясый башпаанек сурады. Айрым өлкөлөрдө, мисалы Германия менен Норвегия алардын өтүнүчүн канааттандырды.

Бельгияда көпчүлүк аскер кызматкерлери үй-бүлөсү менен аскер батирлеринде жашачу. Ѳткөн жылы сентябрь аягында аларга батирлерди бошотуу буйругу берилди. Монста жашагандарга окуу жылынын соңуна чейин жашап турууга макул болушкан. Анткени базанын аймагындагы мектепте алардын балдары окуган. Бирок баары бир көптөрү аскер батирлерин таштап чыгып кетип, жаңы жашоосуна эртерек адаптация болууга ашыкты. Калгандары болсо корко турган жана жашыра турган эч нерсем жок деп эсептеп, аскер үйлөрүндө кала берди.

"Түрк армиясынын өкүлдөрү бизди базаны таштап чыгып кетүүнү канчалык талап кылбасын, НАТО бекем туруп, окуу жыл соңуна чейин деп чыгарган жок»,-дейт Абдулла.

Көпчүлүк бүлөлөр азырынча мурда жыйып-терген каражаты менен жашап жатат. Алар эми алдыда жумуш издөөгө аргасыз болот. Бирок алардын азырынча иштөө укугу жок, башпаанек бергенден кийин гана иштей алышат.

Алар Эрдогандын фанаттарынын кол салуусунан кооптонуп, үйдөн чыккандан дагы чочулашат.

Ѳткөн жылкы референдумда Бельгияда жашаган түрктөрдүн көбү президенттик башкарууну жактап добуш беришти. Эрдоганды жактагандар менен ага каршылардын тарапташтары ортосундагы кагылышуудан Бельгияда бир нече киши жаркат алган.

Бул түрк офицерлеринин жашоосу бала кезинен бери армия менен байланышып калган.

"Көрдүңөрбү? -деп Абдулла мага өзүнүн паспортун көрсөтөт. - Ушул өмүрүмдү бүт өлкөмө жана өзүмдүн туум үчүн кызмат кылып келдим. Бирок эми эч кандай жаман нерсе кылбасам да жашырынып жүрүшүм керек».

"Биздин күйөөлөрүбүз күн сайын жашоосун жумушуна арнап келген. Алар бизге эмес, жумушуна баш кошкондой эле»,-дейт Айша. (AbA)

Тектеш темалар