«ИМ» тобуна кошулуп кеткен полковниктин туугандары атышуудан мерт болду

Гулмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз болуп кетип, кийин социалдык тармактар аркылуу "ИМ" экстремисттик тобуна кошулуп кеткенин айтып чыккан.
Image caption Гулмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз болуп кетип, кийин "ИМ" экстремисттик тобуна кошулуп кеткенин айтып чыккан.

Тажикстандын Ички иштер министрилгинин атайын багыттагы бөлүгүнүн мурдагы командири, эки жыл мурун «ИМ» экстремисттик тобуна кошулуп кеткен Гулмурод Халимовдун туугандары кармоо операциясы учурунда ок атышуудан мерт болгонун тажик бийлиги расмий тастыктады. Халимовго АКШ тараптан эл аралык издөө жарыяланаган.

Операциянын жүрүшүндө төрт киши атып өлтүрүлүп, үчөө камакка алынган. Укук коргоо жана аскер кызматкерлеринен жоготуулар болгон эмес. Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн маалыматына таянсак, Гулмурод Халимовдун туугандары тажик-ооган чек арасын кесип өтүүгө аракет кылышкан. Бийлик алар террордук уюмдар менен байланышта болгон деп шектенип жатат.

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна кошулуу ниети менен чек арадан өтүүнү көздөгөн болушу мүмкүн деп болжонууда.

Атайын операция

Халимовдун туугандары Хатлон облусунун Восей аймагындагы чек арадан 25 чакырым алыстыктагы Ибрати деген жерде кармалган. Кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, качкын полковниктин эки агасы жана жээни, коңшусу атып өлтүрүлгөн.

Халимовдун уулу 18 жаштагы Бехруз тажикстандык атайын кызмат тарабынан бир нече ай мурун камакка алынган эле. Аны жалданмачылык боюнча айыпташып, 10 жылга абакка кесишкен.

Тергөөдө Бехруз Халимов атасынын артынан Тажикистандан чыгып кетип, «ИМ» тобуна кошулууга аракет кылганы, ал үчүн атасына жакын кишилер менен интернет аркылуу байланышып, аны Сирия же Иракка алып чыгып кетүү аракети болгон деп айтылат.

Бехруз Халимов Дүйшөмбүдөн Москвага чыгып бараткан учурда аэропортто камакка алынганы айтылган. Бирок анын апасы, Гулмурод Халимовдун биринчи жубайы 39 жаштагы Назокат Муродова бийликтин бул версиясына ишенбейт. Анын айтымында, уулу өткөн жылы мектепти бүткөндөн кийин жарандык паспорт алалбай койгон жана ЖОЖго тапшыра албай калган. Тажик бийлиги ага документ берүүдөн баш тарткан, ал тургай анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн да алып коюшкан. Анан кандай жол менен Бехруз Халимовдун колунда паспорт жана билет болуп калганы белгисиз.

Качкын офицердин экинчи үй-бүлөсү

Гулмурод Халимовдун эки аялы бар. Экинчи жубайы жана төрт баласы дагы Сирияга чыгып кеткен. Тажикстанда 43 жаштагы Хумайро Мировага жалданмачылыкка жана куралдуу жаңжалга кишилерди тарткан деп кылмыш иши козголгон.

Мирова Бажы кызматынын басма сөз борборунда иштеп, капитан даражасында болчу. Бул кызматка өткөнгө чейин ИИМде басма сөз кызматында иштеп жүргөн. Ушул жерде иштеп жүргөн учурунда полковник Халимов менен таанышкан.

Тажик мыйзамдары боюнча эки аял алууга тыюу салынат. Бирок мындайга эмнеге көз жумду мамиле болгонуна жана ымыракай балдары менен издөөгө алынган аял кантип өлкөдөн чыгып кеткенине тажикстандык күч түзүмдөрү түшүндүрмө бербей келүүдө.

Халимов эмнеге Сирияга барды?

Анын Сирияга баруу чечимине эмне себеп болгонуна биринчи жубайы да, жакын тааныштары, коңушлары да эч кандай жүйө таба алышпайт.

«Ал эч качан интервью береген эмес, ошондуктан анын мотивдерин болжоо өтө кыйын. Ал абдан олуттуу структураны жетектеп, анын иши коомчулуктун алдына көп чыга берүүнү талап кылчу эмес. Бирок анын кандайдыр бир диний идеялары болгон болушу мүмкүн дегенди да жокко чыгарууга болбойт. Балким ал жөн гана идеяларга ууланып калгандыр»,-деп болжойт тажикстандык саясат таануучу Нурали Давлатов.

Гулмурод Халимов Сирияга чыгып кеткенге чейин көпчүлүккө белгисиз эле болчу. Мектепти бүткөндөн кийин эле аскер кызматына келген. Бул учур өлкөдө жарандык согуш жүрүп жаткан жылдарга туш келген. Ал кыйыр түрдө куралдуу жаңжалга аралашкан. Өкмөттүк бир катар операцияларды ишке ашырууга тартылган.

Милициянын атайын баыгттагы бөлүгүнө (ОМОН) жетекчилик кызматка президенттин уулу Рустам Эмомалинин сунушу менен келген экен. Бирок бул жерде узакка иштеген жок.

Жаңы бин Ладен?

АКШнын мамлекеттик департаменти Халимовдун жүргөн жери тууралуу маалымат бергендерге 3 млн доллар сыйлык убада кылды. Бул тууралуу шейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысынын коопсуздук маселеси боюнча жардамчысы Курт Райс билдирди.

Америкалык дипломаттын айтымында, Гулмурод Халимов АКШ тарабынан өтө коркунчтуу террорчулардын тизмесине киргизилген.

"Халимовду эми үрөй учурган жана көзгө көрүнбөгөн мокочо катары пайдалануулары мүмкүн. Андан эми кезектеги бин Ладенди жасашат. Бул албетте АКШнын дагы кызыкчылыгына төп келиши мүмкүн. Көптөгөн таанымал террорчулар жана уюмдар АКШ менен мурдагы СССРдин "балдары" болгону көптөр үчүн сыр деле эмес да. Бул бренддер чоң державалар тарабынан түзүлгөн",-деп эсептейт саясат таануучу Нурали Давлатов.

«АКШ бин Ладенди Ооганстанга бастырып кирүүдө пайдаланды. Халимов балким Борбор Азияга, анын ичинде эң чабал болуп турган Тажикстанга жол ачат. Тилекке каршы азыркы заманбап саясат көшөгө артындагы оюндардын эрежесин колдонуп жатат. Конфликтин катышуучулары аларды көмүскөдө колдонуп кетишерин элес да албайт",-дейт Давлатов.

Гулмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз болуп кетип, кийин социалдык тармактар аркылуу "ИМ" экстремисттик тобуна кошулуп кеткенин айтып чыккан.

Гулмурод Халимов Москвага учуп, андан ары Түркия, Сирияга өтүп кеткени белгилүү болгон. 40 жаштагы милициянын атайын багыттагы бөлүгүнүн командири мурда президенттик гвардияда кызмат кылган. Профессионал көзгө атар Гулмурод Халимов өлкө чыгышындагы оппозициялык күчтөргө каршы өктөрүлгөн 2009-жылдагы Рашт өрөөнүндөгү жана 2012-жылдагы Хорогдогу өнөктүктүн активдүү катышуучусу болгон.

ММКдагы маалыматтарга караганда, Халимов бир нече жыл мурун өлкөдө тыюу салынган «Салафий» диний кыймылына байланышы болгон деп ИИМден кызматтан алынганы дагы айтылат.

Тектеш темалар