Гамбургдагы башаламандык кайра жанданып, унаалар өрттөлдү

Гамбургдагы башаламандык кайра жанданып, унаалар өрттөлдү Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

«Чоң жыйырманын" саммити өтө турган Германиянын Гамбург шаарында жума күнү каршылык акциясына чыккандар менен полиция ортосунда кагылышуулар кайра жанданды.

Башаламандыктар орун алып, акцияга чыккандар унааларды өрттөп, көчөлөрдү бууп жатышат деп билдирди полиция. Аларды суу аткычты пайдаланып, кууп таратуу аракети көрүлгөн.

"Азыркы учурда агрессивдүү маанайдагы топко каршы операция жүрүүдө»,-деп полициянын айткандарын Франс пресс жазып чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

«Чоң жыйырманын" саммитине каршы бейшембиде өткөн тынчтык митинги полиция менен кагылышууга жетип, 76 полиция кызматкери ар кандай жаракат алган. Үчөө ооруканага жөнөтүлдү.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жүздөрүн бет кап менен жаап алып, «Тозокко куш келипсиң» деп аталган акциянын катышуучуларын полиция кармоого аракет кылганда кагылышуу башталып кетти.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Саммит Гамбургда бүгүн башталып, ушул эле күнү АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу күтүлүп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Шаардагы коопсуздукту сактоо үчүн саммит учурунда 20 миң полиция кызматкери жана айтын кызматтын өкүлдөрү тартылган. Каршылык акциясына 100 миңге чейинки кишилердин чыгуусу күтүлүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Тектеш темалар