Коомдук сайттардагы Путин менен Трамп темасындагы тамашалар

АКШ жана Россия президенттери Трамп менен Путиндин Гамбургдагы «Чоң жыйырманын» саммитиндеги биринчи жолугушуусунун алдында коомдук сайттарда ар кандай тамашага чалган коллаждар көп чыкты.

Мындай коллаждардын негизги темасы Путиндин Трампты кантип манипуляция кылып жатканы жөнүндө болду.

Сүрөттүн автордук укугу @FILMYSTIC/@THEJETSETER/TWITTER

АКШдагы президенттик жарыштын жүрүшүндө Трамп Россия менен мамиле түзгөнгө каршы эместигин көп жолу айткан. Анын ичинде эгер жеңип калса "Путин менен абда-а-ан жакшы мамиледе болорун баса белгилеп айткан эле.

Сүрөттүн автордук укугу STARECAT

Республикачылдардын талапкерин мындай сөздөрү үчүн сындашып, ал эми анын шайлоо штабына Москва менен тымызын байланышта дегендей шек түшкөн.

Трамптын башкы атаандашы болгон Хиллари Клинтон эгер Трамп жеңишке жетке "Кремлде майрам болот" деген эле.

Сүрөттүн автордук укугу BBC Sport

Путин менен Трамп бүгүнкү күнгө чейин бири-бири жөнүндө негизинен мактап келишти. Мисалы, Путин Трампты "ачык жана түз айткан адам", анын "көз карашы жаңыча" деп сүрөттөгөн. Трамп болсо Россиянын лидерин "бекем" жана "акылдуу" деп атап келди. Бирок кийинки учурда АКШ президенти мактоо сөздөрүн азайткандай болду.

Сүрөттүн автордук укугу Правообладатель иллюстрации

Трамп менен Путин 7-июлда «Чоң жыйырманын» саммитинде жолугуша турганы жөнүндө шейшембиде 4-июлда белгилүү болду. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жолугушуу кол алышып учурашуу эле эмес, "кадыресе отуруп сүйлөшүү" болорун билдирди.

Анын айтымында, биринчи жолугушууда Трамп менен Путин эл аралык терроризмге каршы күрөш, Сирия, Украина темасын жана "куралсыздануу маселесин" да талкуулашат.

Кремлдин өкүлү бул жолугушуунун башкы максаты барган сайын күчөп көбөйүп жаткан конфликттер менен проблемаларды чечүүнүн эффективдүү кылуу үчүн жумушчу диалогду түзүү" деп атады.