Стамбулда он миңдеген кишилер Эрдоганга каршы акцияга чыкты

15-июнда башталган «Акыйкат жүрүшү» деп аталган акциянын катышуучулары дээрлик 400 чакырым жолду басып өтүштү. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption 15-июнда башталган «Акыйкат жүрүшү» деп аталган акциянын катышуучулары дээрлик 400 чакырым жолду басып өтүштү.

Стамбулдун борбордук бөлүгүндө Режеп Тайип Эрдогандын өкмөтүнө каршы он миңдеген кишилер катышкан митинг өттү. Мунун алдында алар Анкардан Стамбулга чейин жөө жүрүш менен келишкен.

15-июнда башталган «Акыйкат жүрүшү» деп аталган акциянын катышуучулары дээрлик 400 чакырым жолду басып өтүштү. Алар өткөн жылы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнөн кийинки массалык камакка алууларга жана жумуштан бошотууларга каршы чыгууда.

Президент Эрдоган акциянын катышуучуларын терроризмди колдоп жатат деп жарыялап, жүрүштү уюштурган Элдик-республикалык партияны оппозициялык ишмердүүлүгүнөн аша чаап, террордук топтор менен биргеликте аракеттенип жатат деп айыптады.

ЭРП лидери Кемал Кылычдароглы партиянын мүчөсү Энис Бербероглы 25 жылга эркинен ажыратылгандан кийин, нааразылык билдирип жөө жүрүшкө чыгууга чакырган эле. Бербероглы Улуттук чалгындоо уюмуна таандык (MIT) маалыматты басма сөзгө жарыялап жиберген деп айыпталган. Бирок ал бул айыптоолорду четке каккан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Стамбулдагы митинг камакка алынган депутат кармалып турган Малтөбө районунда дагы өттү.

2016-жылы 15-июлдун түнүндө төңкөрүш жасоо аракети ишке ашпай калгандан кийин элүү миңге чукул киши камакка алынып, 140 миңдей киши жумушунан бошотулуп же убактылуу четтетилген. Аларды белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышта болгон деп айыпташкан.

Анткени бийлик ишке ашпай калган төңкөрүштүн артында турган деп Фетхуллах Гүленди күнөөлөгөн. АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карбай Түркия Фетхуллах Гүленди террордук уюмдун лидери атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келет.

Би-би-синин Стамбулдагы кабарчысы Марк Лоуэн, каршылык жүрүшү президент болуп көрбөгөндөй саясый чакырык болду деп мүнөздөдү.

Өлкөдө көптөр өкмөт ишке ашпай калган төңкөрүш боюнча айыптоону негиз кылып алып, өзүнүн каршылаштарын жок кылууга пайдаланып жатат деп эсептейт дейт Би-би-си кабарчысы.

Тектеш темалар