Венгриядагы Сороско каршы плакаттар нааразылыктарды жаратты

Соростун жылмайып турган сүрөтү түшүрүлүп, «Жорж Сороско акыркы болуп күлгөнгө мүмкүнчүлүк бербегиле» деп жазылган.

Америкалык финансист жана филантроп, теги венгериялык Жорж Сороско каршы Венгриянын өкмөтү тарабынан башталган өнөктүк эл аралык коомчулук тарабынан айтылган сын-пикирлерди өөрчүтүп жатат.

Будапештен Би-би-си кабарчысы Ник Торп билдиргендей, өлкөнүн баш калаасы жана бир катар шаарларда мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражатка жасалган Соростун сүрөтү түшүрүлгөн плакаттар пайда болду.

Анда 86 жаштагы Соростун жылмайып турган сүрөтү түшүрүлүп, «Жорж Сороско акыркы болуп күлгөнгө мүмкүнчүлүк бербегиле» деп жазылган.

Будапештеги Израилдин элчиси Йосси Амран жана жөөттөрдүн Венгриядагы коомчулугунун лидери бийликке кайрылып, бул өнөктүктү токтотууга чакырды. Алардын пикиринде бул «антисемитизмге от жагышы» (Жорж Сорос венгрияда жөөт үй-бүлөсүндө туулган) мүмкүн.

Германиянын Тышкы иштер министрлигиндеги Европа иштери боюнча министр Михаэль Рот ишембиде Будапештеги сөзүндө, бул плакатка реакциясын сүрөттөп берүүгө сөз таба албай турганын айтты.

Бирок азырынча венгр өкмөтү мындай комментарийлерге эч кандай реакция кылган жок.

Өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан, өзүнүн көз карашы жана аракети менен Жорж Сорос Европага мигранттардын агылып келишине жардам берүүдө деп айыптап жатат.

Сорос болсо Орбанды мафиялык мамлекет курду деп күнөөлөдү. Жекшембиде «Бирге» деп аталган оппозициялык партиянын активисттери Будапештеги антисоростук плакаттардын бирин алып салышты. Партия өкүлдөрү өлкө боюнча ушундай кадамга баруу ниетин билдиришти.

Плакаттар Сорос менен менен Орбандын өкмөтүнүн ортосундагы жаңжалды күчөткөн акыркы себептердин бири болуп калууда.

Июнь айында Венгрия парламенти чет элдик каржылоо менен жашаган бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик көзөмөлдү күчөткөн мыйзамды кабыл алган.

Адам укугун коргогон Amnesty International муну көптөгөн сын-пикирлерди жараткан Орусиядагы ушул сыяктуу мыйзамга салыштырган эле.

Орбан буга чейин сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар өлкөнүн ички ишине кийгилишип жатат деп күнөөлөгөн болчу. Биринчи кезекте айыптоолор Сорос кодлдогон уюмдарга даректелген.

Апрелде Венгриянын президенти Янош Адер улуттук жогорку окуу жайлардагы чет элдик каржылоону жөнгө салган мыйзамга кол койгон.

Мыйзам долбоору чет жерлик окуу жайлар кайсыл өлкөдө катталган болсо, ал жерде окуу имараттары болушу керектигин милдеттендирет. Бул эми Сорос каржылаган окуу жайлардын жабылышына алып келиши мүмкүн.

Тагыраагы, аталган мыйзам Соростун каражатына курулган Бордордук европалык университетинин (CEU) жабылышына алып келет деген тынчсыздануулар айтылган.

Тектеш темалар