Ирактын өкмөт башчысы Мосул бошотулганын жарыялады

Үч жыл мурун дүрбөлөңгө түшүп Мосулдан качып кеткен Ирак армиясы үчүн бул жеңиш абдан маанилүү болду. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Үч жыл мурун дүрбөлөңгө түшүп Мосулдан качып кеткен Ирак армиясы үчүн бул жеңиш абдан маанилүү болду.

Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади өлкөдөгү экинчи ири калаасы Мосулдун «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунан бошотулушуна байланыштуу ирактык аскерлерге куттуктоо жолдоду.

"Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Хайдер аль-Абади бошотулган Мосул шаарына келип, каарман жоокерлерди жана ирак элин улуу жеңиши менен куттуктады»,-деп айтылат премьер-министрдин расмий өкүлүнүн билдирүсүндө.

Шаар үчүн кармаш 2016-жылдын 17-октябрынан тарта жүрүп келди. «ИМ» тобунун согушкерлери Мосулду 2014-жылдын июнь айында басып алган эле.

Ушундан кийин жихадчылар Ирак менен Сириядагы чоң аймакты өз козөмөлүнө алып, өздөрүнчө «халифат» жарыялап жиберишкен.

Соңку тогуз айдан бери «ИМ» тобу ирактык өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан аргасыз майтарылып, артка чегинген. Кармаштарда аскерлерден сырткары күрд пешмаргалар, шийит жана сунийлердин кошуундары дагы чоң ролду ойноду.

Алдыга жылуулар АКШ баштаган коалициянын аба чабуулдары жана аскердик кеңешчилердин көмөгү аркылуу колдоого алынып турган.

Ирак армиясы үчүн маанилүү жеңиш

Image caption 2014-жылдан бери шаардын тургундары «ИМ» тобунун катуу кысымы алдында жашап келди.

Соңку учурда «ИМ» тобунун согушкерлери айгышкан каршылык көрсөтүп, ирак аскерлерине чоң жоготууларды алып келди. Алдыга жылуу иштери оорчулуктар менен коштолду. Мосулду бошотууда жайкын тургундар арасында көп жоготуулар катталды.

Миллионго чукул киши ата конушун таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду. Шаардын көп бөлүгү урандыга айланды.

Ирак армиясы тарабынан Мосулдун бошотулушу «ИМ» тобу үчүн катуу сокку болду. Анткени өз алдынча аймак түзүү аракети ташкапты.

Тектеш темалар