Мексикадагы баңги барондор менен картелдер: ким каякта?

Синалоа картелинин башчысы "Эль-Чапо" - Гусман АКШга экстрадицияга болордон мурда эки жолу түрмөдө отурду. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Синалоа картелинин башчысы "Эль-Чапо" (Кодогой) - Гусман АКШга экстрадицияга болордон мурда эки жолу түрмөдө отурду.

Мексикада баңги соодасын мыйзамсыз жүргүзүп, миллиарддаган пайда таап келаткан картелдерге каршы өкмөт согуш жарыялагандан бери 20 миңден ашык адам ажал тапты же бейдарек жоголду.

Негизинен беш-алты картель өлкөнүн аймагын өз ара бөлүшүп алып, өздөрүнүн көзөмөлүндө кармашууда. Баңги картелдеринин таяныч социалдык базасы кылмыш жайылган шаарлардагы жумушсуз жаштар. АКШдагы мексикалык диаспора баңгилерди ташып жеткирип сатууну аткарып келүүдө.

Бирок соңку жылдары баңгизаттардын соодасы Мексиканын өзүндө чоң көйгөйгө айланып кеткени белгилүү. Анын өзү баңгизаттарды керектөөчү ири өлкө болуп калды. Баңгилик менен кошо өлкөдө кылмыштуулук менен коррупция жайылып жатат.

Уюшкан кылмыштуу топтор сырттан өлкөгө көп сандагы курал-жарак алып киришип, керек болсо өкмөттүк күчтөр менен кармашууга жарактуу куралдуү тайпаларды түзүп алууда. Экинчи жагынан баңги соодасынан оргуган чоң акчанын сормо сазына бийликтин коррупциялашкан адамдары кошо батууда. Акча менен бийлик талаш көптөгөн зордук-зомбулук, бири-биринин көзүн тазалоо менен коштолууда.

Мексика өкмөтүнүн кылмыштуу картелдердин баш-тамырын кыркуу аракеттери канчалык максатына жеткенин айтуу кыйын. Бирок жоюлган топтордун ордуна жаңылары өсүп чыкты, башкалары эки-үчкө бөлүнүп-чачырап кетти.

Синалоа картели

1980-жылы уюшулган Синалоа картелинин башында Хоакин Гусман- «Эл Чапо» (Кодогой) турат. Бул Мексикадагы кылмыш чөйрөсүндөгү эң күчтүү уюм болуп саналат.

Бир катар атаандаштарын четке сүрүп, Синалоа Мексиканын түндүк-батышында үстөмдүк кылып келатат. Ал АКШда, Европада жана Азияда баңгизаттарды мыйзамсыз айлантуудан миллиарддаган доллар пайда табууда.

Бирок Гусман 2016-жылы кармалгандан кийин картелдин келечеги бүдөмүк болуп турат. Ал январда АКШга өткөрүлүп берилди, эми Ньй-Йоркто соту болот.

«Forbes» журналы анын байлыгын бир миллиард доллар деп эсептеген жана аны тарыхтагы "эң ири баңги соодагери" деп атаган.

"Халисконун жаңы мууну"

Синалоанын эң башкы атаандашы болуп анын мурдакы куралдуу канаты -«Халисконун жаңы мууну» эсептелет. 2010-жылы түзүлгөн Халисконун картели Мексикада тез жана агрессивдүү түрдө өнүгүп, стратегиялык райондор болуп саналган Тихуану менен Мансальо портун Синалоадан талашып турган чагы.

Халиско картели мамлекеттик коопсуздук кызматтарына жана кызмат адамдарына көп сандаган кол салуулар боюнча айыпталууда. 2015-жылы ракеталык гранат менен тик учактын жок кылынышы да ушул картель жасаган деп жатышат. Мексиканын башкы прокурору Рауль Сервантес жакында эле аны өлкөдөгү ири кылмыштуу уюм деп атады.

Эль-Чапо камалгандан кийин эмне болду?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Дамасо Лопес май айында кармалгандан кийин картелдин башчысынын ордун талашып жатышат

Гусмандын камалышы Синалоа картелинде бөлүнүп-жарылууга алып келди, андан бул региондо кандуу кармашуулар күчөдү.

Бир жакта - Гусмандын балдары Иван Архивальдо жана Хесус Альфредо. Экинчи жакта Гусмандын мурдакы жардамчысы Дамасо Лопес Нуньес, (лакап аты «Эль Ликенциадо»), анын уулу Дамасо Лопес Серрано.

Гусмандын уулу Хесус Альфредо өткөн жылы Пуэрто-Вальяртада ресторандан уурдалып кетип, бир нече күндөн кийин кое берилген.

Лопес бул кылмышка шектүү кылмышкерлердин бири катары аталган. Ал май айында Мехикодо кармалгандан кийин картелдин жетекчилиги азыр талашта.

Гусмандын улуу бир тууганы Аурелиано - бийликти колго алууну көздөгөн таасирлүү адам болуп турган чакта Фаусто Исидро Меза Флорес (псевдоним «Чапо Исидро») картелдин жергиликтүү деңгэлдеги күчтүү каршылашы болуп калды.

Эң көп изделген ким?

Сүрөттүн автордук укугу DEA
Image caption Полиция Рафаель Каро Кинтеро менен Исмаэл Замбадени кармоо үчүн чоң суммадагы сыйлык жарыялаган.

Исмаэль «Эль Майо» Замбаданы Синалоа картелин мурда Гусман менен бирге башкарып, бирок колго түшпөй жүргөн баңги бизнесинин патриархы деп коюшат. Мексиканын өкмөтү анын артынан түшкөнүнө көп болду.

69 жаштагы Замбаданын бийликтен четтей турган жакындап калды, бирок анын дагы деле колдоосу күчтүү дешет. Мексика аны кармоого 30 миллион песо (£ 1,2 миллион) сыйлык жарыялаган.

Халиско жаңы муун картелинин башчысы «Эль Менчо» лакап атын алып жүргөн Рубен Осегура Мексиканын абдан катуу издөөдөгү баңги королдорунун бири. Аны кармоого жардам бергендерге эки миллион песо (£ 82 000) сыйлык жарыяланган.

Азыр жоюлуп кеткен Гвадалахара картелинин кожоюну Рафаэль Каро Кинтеро көптөн бери издөөдө жүргөн кылмышкер лидер. Уурдоо, кыйноо жана киши өлтүрүү фактылары менен 1985-жылы түрмөгө кесилип, өкүм кылынган 40 жылдын 28 жылын отурган. Бирок кийин апелляциялык соттун чечими менен боштондукка чыгып, ошондон ибери карматпай качып жүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Каро Кинтеро, Замбада жана Осегурдин кайда экени жөнүндө маалыматка беш миллион доллардан сыйлык жарыялаган. (КС)

Тема боюнча башка макалалар