"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу түп-тамырынан жоголобу?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Согуштан кыйраган Мосул

Ирактын бийлиги өлкө түндүгүндөгү Мосул шаары "ИМ" экстремисттик тобунан бошотулганын жарыялады. Ошону менен экстремисттик топтун халифаты дагы бүттү.

Болжолу «ИМ» тобунун Сириядагы «борбору» саналган Раккада дагы ушундай эле көрүнүш болот. Бирок бул жеңилүүлөр топтун ошону менен жок болуп кетишин билдирбейт.

Мосул бир канча айга созулган кармаштан кийин бошотулду. Ал эми Раккада жеңиш жакын экени айтылууда. АКШнын абадагы колдоосу менен чабуулга өтүп жаткан күчтөр улам алдыга жылып жатат. Ирак менен Сириянын чоң бөлүгүн көзөмөлдөөгө жетишкен согушкерлер чоң аймактардан сүрүлүп, катарына жаңы күчтөрдү тартуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Мына ушул жагдайдан улам өздөрүн «Ислам мамлекти» атаган экстремисттик топтун күнү бүтүшүнө жакын калды деп айтса болобу?

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Абу Бакр аль-Багдади «ИМ» тобунун лидери катары коомчулуктун алдына биринчи жолу 2014-жылы июлда чыккан.

"Тилекке каршы буга жок деп жооп аласын,-дейт британдык Брэдфорд университетинин профессору Пол Роджерс.

Профессор "Эрежесиз согуш: «ИМ» жана алыскы чек аралардан жаңы коркунуч» деп аталган китептин автору.

"Биз азыр «ИМ» тобу Ирак менен Сириянын аймагында узакка созулган партизандык согушка багыт алып, бир эле мезгилде глобалдык кыймыл сыяктуу өнүгүп жаткан белгилерди көрүп жатабыз»,-деди профессор Роджерс Би-би-сиге.

Ирактын өкмөт башчысы Мосул бошотулганын жарыялады

Дүйнөдөгү катуу изделген адам: "ИМ" лидери кайда жашырынып жүрөт?

Пол Роджерс жана бир катар эксперттер жихаддык топтордун үстүнөн жеңишке жеттик деген шашылыш билдирүүлөрдөн карманып турууга чакырууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Раккадагы кан төккөн кармаштар соңуна чыкканы калды.

Мындай айтканга албетте негиз бар дейт профессор Роджерс. Биринчиден, Мосулдагы бир нече айга созулган кармаштын жүрүшүндө бул топ өзүнүн тактикасын өзгөртүүгө жөндөмдүү экенин жана өжөрлүк менен каршы тура аларын көрсөттү.

Экинчиден, мурдагыдай эле тарапташтарын өзүнө тартууга жана дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун теракт уюштура аларын демонстрация кылды.

Аймагы жок

2014-жылы июнь айында «ИМ» тобу Мосулду басып алып, ал жерде «халифат» түзүлгөнүн жар салган. Андан кийинки бир нече аптанын ичинде аталган топ Ирак менен Сирияда аянты Британияга тете (дээрлик 242 миң кв. км) жерди ээлеп алды.

Image caption АКШ Раккага жасалган чабуулга абадан колдоо көрсөтүүдө.

Ушундан киийн АКШ баштаган эл аралык коалиция «ИМ» тобунун согушкерлерине каршы чабуулдарды жасай баштады. Жыйынтыгында жихадчылар көзөмөлдөгөн аймак кескин кыскарды. Азыр эми көзөмөлдөгөн аймактарынан бүт сүрүлүп, жок болуу абалында турат. Бирок ошентсе да «ИМ» тобу эми эмне болот деген суроо кала берүүдө.

Пол Роджерстин айтымында кырдаал үч багыт менен өнүгөт.

"Алар Ирак менен Сирияда кандайдыр бир аймакты кармап калуу үчүн эмес, партизандык согуш менен аракеттене башташат»,-деп эсептейт Роджерс.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ирак армиясынын Мосулга чабуулу 2016-жылдын октябрь айында башталган.

"Андан сырткары алар бүт дүйнө боюнча пропагандасын улантышат. Биз көргөндөй Филиппинде, түштүк-чыгыш Азияда, ошондой эле түндүк Африкада алар бул жаатта ийгиликке жетишти»,-деп кебин улантты эксперт.

"Үчүнчүдөн, алар согуштук аракеттерин каршылашынын аймагында улантууга аракет көрүшөт. Бул эми Британияда, АКШда, Германия жана башка өлкөлөрдө болушу мүмкүн»,-деп болжойт профессор Роджерс.

28-июнда «ИМ» тобу видео кайрылуусун жарыялап, бир тарабынан «халифаттын» күнү бүттү дегенди жокко чыгарып, экинчи жагынан «эгер ушундай болгон күндө дагы аймагын алдыруу жеңилди дегенди билдирбейт» деп айтты.

«ИМ» согушкерлери

Аналитиктердин баасында «ИМ» тобу пайда болгондон бери анын катарына дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн 40 миң чамалуу согушкер кирди. Топ талкалангандан кийин аман калгандардын тагдыры эмне болот?

"Бул ачык эле көрүнүп турат, миңдеген согушкерлер үйлөрүнө тарап кетпейт. Менимче аларга чейинки жихадчылардын мууну сыяктуу эле, булар дагы согушууга жаңы мүмкүнчүлуктөрдү издешет»,-деп жазды The New York Times басылмасына Федералдык чалгындоо бюросунун мурдагы кызматкери.

"Террордун анатомиясы: бин Ладендин өлүмүнөн "Ислам мамлекети" жаралганга чейин" деген китептин автору Али Суфан. Пол Роджерстин болжолунда бул согушкерлердин көпчүлүгү түштүк-чыгыш Азиядагы, Түндүк Африкадагы жана Кавказдагы башка жихаддык топторго кошулушу мүмкүн.

Лондондогу Бриккен королдук институттун коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча жетекчиси Карин фон Хиппер жогорудагы божомол менен макул.

"Бул сөзсүз эле «ИМ» тобунун күнү бүттү дегенди билдирбейт,-деди ал Би-би-сиге. - Менин пикиримде, жихадчылар көмүскөгө кирип кетишет жана кайсыл жерде бийликте стабилдүүлүк болбосо, айталы Ирактагыдай же Сириядагыдай абалда ошол жерде маселе жаратышат».

Жихадчыл союздаштар

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мосул үчүн кармашта миллионго чукул киши качкынга айланды.

Мосул менен Раккада согуш бүтүп жатканы менен баары бир бул чөлкөмдөр али тынчтыкты толук сезишпейт. Анткени «ИМ» тобунун потенциалдуу мураскерлери бар.

Али Суфандын эсебинде, мындай мураскерлердин бири Ливиянын чыгышы бөлүгүндөгү жихадчылар.

"Бул түйүндө бир нече миң киши бар. Болжолу ушул кишилер 22-майда Манчестердеги жардырууну ишке ашырган жанкечти Салман Абедини үйрөткөн болушу мүмкүн»,-деди Суфан.

Эксперттердин айтымында, балким АКШ жана анын союздаштары Ирак менен Сириядагы «халифатты» ураткандан кийин ушул аймактарда жана дүйнөнүн башка жерлеринде жихадчыл топтор менен күрөштү улантууга арагасыз болот.

Профессор Роджерс АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы бул күрөштө аскерлер санын көбөйтүп жаткан бир катар белгилерди көрөт.

Муну менен Обаманын учуруна караганда аскерлерге аракеттенүүгө көбүрөөк эркиндик берилген. Бирок жалпысынан бул стратегия керектүү жыйынтыктарды бербей жатат деп эсепейт профессор.

"Мына бул чөлкөмдө АКШ дээрлик 17 жылдан бери согушуп баштады. Ал эми Батыш Европадагы кишилер өздөрүн коопсуз сезген жери жок. Эгерде биз жакынкы жылдарда коопсуздукту камсыздоого мамилебизди өзгөртпөсөк, кырдаал барган сайын начарлай берет»,-деди Пол Роджерс Би-би-сиге. (AbA)

Тектеш темалар