Мао Цзэдундун адабият боюнча кол жазмасы сатылды

Мао Цзэдун классикалык адабиятты окуганды жакшы көргөн. Сүрөт 1963-жылы тартылган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мао Цзэдун классикалык адабиятты окуганды жакшы көргөн. Сүрөт 1963-жылы тартылган.

Кытайдын биринчи коммунисттик лидери Мао Цзэдундун кол жазмалары аукциондо баштапкы баасынан он эсе кымбатка сатылды.

Кол жазмалар 1975-жылы жазылып, Маого үнүн чыгарып окуп берүү үчүн жалданган профессорго даректелген экен. Лондондогу Sotheby's аукционунда кол жазма 704 750 фунт стерлинг (болжолу 910 миң АКШ доллары) сатылып кетти.

Аукцион өткөргөн үйдүн өкүлү бул өтө сейрек документ деп маалымат берди. Кол жазмада улуу башкаруучунун кытайдын классикалык адабияты жана поэзиясы боюнча ой-толгоолору жазылган. Ал бул кол жазмасын өмүрүнүн соңку жылы - ден-соолугу күндөн-күнгө оорлошуп бараткан мезгилде жазып жүргөн.

Көздөрү көрбөй, өз алдынча окуй албай калган. Ошондуктан ал классикалык адабиятты мыкты билген адисти үнүн чыгарып окуп берүү үчүн жардамчы кылып чакырган.

Мындай адис Ди Лю ысымдуу аял болгон. Бирок Мао Цзэдун өмүрүнүн соңку жылдарында сүйлөшү оор болуп калгандыктан, Ди Лю ага баарлашууну жеңилдетүү үчүн өзүнүн ойлорун кагазага жазып берүүнү сунуштаган.

Аукциондо сатылган кол жазмалардан Мао Цзэдундун адабий дүйнөсүнө үңүлгөнгө мүмкүнчүлүк берет дейт адистер.

Сүрөттүн автордук укугу Sotheby's
Image caption Мао Цзэдундун кол жазмалары.

Мао Цзэдун 1949-жылы Кытайдын Коммунисттик партиясын жетектеген.

Гоминьдан үстүнөн жеңишке жетишкенден кийин анын жетекчилиги астында Кытай Эл Республикасы түзүлгөн. Жаш кезинде Мао Пекин университетиндеги китепканада иштеген. Классикалык адабиятка болгон Маонун сүйүүсү анын радикалдуу революциялык көз караштарына карабастан сакталып калган.

Sotheby's кол жазманы сатып алган кишинин ысымын атаган жок. Бирок кол жазмаларга болгон кызыгуу өтө күчтүү болгонун маалымдады.

Адистер «кол жазма Маонун дүйнөсүн ачып берет. Анын кызыкчылыгы саясаттан ашып түшүп, анын кытай классикалык адабиятын терең билгенин ырастап турат» деп баа берүүдө.

Мао Цзэдунга болгон кызыгуу ар дайым бийик болчу, өзгөчө Азияда жана Кытайдын өзүндө. Жыл башында Маонун жибектен тигилген сүрөтү Гонконгдо 11 миллион долларга сатылган. (AbA)

Тектеш темалар