Трамп уулунун орусиялык юрист менен жолукканын билбейт

Трамп менен анын уулу Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШнын президенти Дональд Трамптын уулу атасына шайлоодо жардам убада кылган орусиялык юрист менен жолукканын Трампка айткан эместигин билдирди.

Fox News телеканалына берген маегинде кенже Трамп жолугушууда маанилүү сөз болбогонун, бирок ошондо жолукпай эле койсо болмоктугун кийин түшүнгөнүн айтты.

Андан мурда ал электрондук каттарын жарыялаган эле. Каттардын мазмунуна караганда ал Кремль менен байланыштагы жана Хиллари Клинтонго компроматтары бар болушу мүмкүн юрист Наталья Весельницкая менен жолугушууга макул болгон экен.

Азыркы учурда ФБР менен АКШнын Конгресси Кошмо Штаттардагы шайлоо өнөктүгүнө Oрусиянын кийлигишүүсү болгонун иликтеп, Трамптын командасынын Кремль менен кандайдыр бир тымызын байланышы болгонбу-жокпу, ошону чукуп жатышкан чагы.

Трамп президент болуп шайлангандан бери аны Москванын колдоосу менен Клинтонду жыдытып жеңишке жетти деген айыптоолор ээрчип келатат.

Ал өзү эч нерсе билбей турганын айткант, ал эми Oрусия америкалык шайлоого кийлигишкенин көп жолу жалган деп четке какты.

Fox News телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып, Трамптын уулу атасы анын россиялык юрист менен жолугушканын билген эмес деп билдирди.

"Жок. Айта турган эч сөз деле жок эле",-деди ал.- "Бул болгону бекерге кеткен 20 минут болду".

Дональд Трамптын уулу жана күйөө баласы Жаред Кушнер жана ошол убактагы Трамптын шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт «Трамп-тауэрде» россиялык юрист Наталья Весельницкая менен 2016-жылы июнда жолугушканы белгилүү болууда.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Трамптын уулу россиялык юрист менен эмнеге жолуккан?

Бул жолугушуу эмнеге керек эле?

Трамптын уулуна британдык пиарщик Роб Голдстоун кат жиберип, Хиллари Клинтонго кандайдыр бир компроматтар жазылган документтерди Oрусиядан алып берүүнү убада кылган экен.

Ошол учурда анын атасы Республикалык партиядан талапкер болуп чыгып, демократтардын талапкери Клинтон менен күрөшкө бара турганы белгилүү болуп калган.

Голдстоун бир катында ал убада кылган маалымат жөнүндө - "албетте, жашыруун жана эң жогорку деңгээлге тийиштүү экенин, бирок орусиялык бийлик тараптан Трампты колдоо иретинде болуп жатат" деп жазган экен.

Жолугушуу болгону анык, бирок Трамптын уулунун Fox News телеканалына берген маегинде сөзүнө караганда, орусиялык юрист аларга кызык боло турган эч нерсе айткан эмес.

Кандай реакция болду?

Президент Трамп өзүнүн уулуна болушуп кыска билдирүү жасап, аны ачыктыгы үчүн мактады.

Ал эми Голдстоун демекчи, ал орусиялык бийликтин америкалык шайлоого кандайдыр бир кийлигишүүсү жөнүндө эч нерсе билбей турганын айтууда.

Наталья Весельницкая өз кезегинде Кремль менен эч кандай байланышы жок экенин жана Хиллари Клинтонго зыяны тийгидей маалыматы болбогонун билдирди.

Республикалык сенатор Линдси Грэм жарыяланган каттар «абдан кабатыр ойго салат» деп чыкты.

Сенаттын чалгын боюнча комитетиндеги эң чоң кызматтагы демократ Адам Шифф Трамптын уулу жана бул жолугушууга катышкандар баары комитетте көрсөтмө беришин талап кылып жатат. (КС)

Тема боюнча башка макалалар