Эрдоган: Европа Биримдигине кошулуу Түркия үчүн зарыл эмес

Түркиянын президент Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын президент Режеп Тайып Эрдоган Би-би-сиге берген маегинде Европа Биримдигине кошулуу Түркия үчүн зарыл эмес деп билдирди.

Эрдоган Европа Биримдигин Түркияга карата чын дилинен мамиле кылбайт деп айыптады. "Хард-Талк" программасына берген маегинде түрк президенти Британия Биримдиктен чыккандан кийин Лондон менен эркин соода боюнча келишимге жетишүүгө үмүттөнүп турганын айтты.

Эрдоган адаттагыдай эле суроолорго кыжырданып жооп берди десек болот. Ал өткөн жылдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийинки түрк өкмөтүнүн кадамдарына карата айтылган сындарды четке кагып, Түркиянын Европа Биримдигине кошулуусу мамлекет үчүн зарыл деле эмес деп белгилеген.

"Биз сөзүбүзгө бекем турабыз. Европа Биримдиги Түркияны кошпойбуз деп ачык айтса, анда бул тескерисинче бизге кайрат берет. Түркия "Б" жана "С" планын ишке ашыра берет. Европа Биримдиги бизге зарыл эмес. Түркия өзүнүн эки бутуна тура алат. Mамлекеттин киши башына түшкөн улуттук кирешеси 11 миң доллардан жогору турат."

Эрдоган түрк калкынын көбү Европа Биримдиги мамлекетке чын дилинен мамиле кылбай жатат деген пикирде экенин белгиледи. Бирок ага карабастан жетекчи Европа Биримдиги менен жылуу мамиле түзүүнү уланта берерин айтты.

Ал эми Түркия дүйнөдөгү эң көп журналисттерди камакка алган мамлекетке айланганы тууралуу суроого, Эрдоган Батыш медиасында айтылган 150 адамдын экөөсү гана журналист деп белгиледи. Ал эми башкалары "вандал, ууру жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенгендер" деп кошумчалады.

Эксперттердин байкоосунда Эрдогандын пикири анын тарапкерлерине эргүү бергени менен, жетекчиге каршы чыккандар өлкөдөгү демократиялык процесске сокку болууда деп тынчсызданууда.

Тектеш темалар