Мосулдун түпкүрүндө согуш токтой элек

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Мосулдун Эски шаары көп айга созулган салгылашуудан аябай талкаланды

Ирак өкмөтүнүн Мосул шаарында Ислам мамлекетинин күчтөрү ойрон болгону жөнүндө билдирүүсүнө карабастан, Эски шаардын ичинде жашынган согушкерлер менен дагы эле кармашуу-атышуулар болуп жатат.

Ирак күчтөрүн колдоого алып жаткан америкалык коалиция Эски шаардагы согушкерлердин калдыктарын түбү менен жок кылышарын билдирди.

БУУнун гуманитардык иштер боюнча координатору бул райондо дагы деле болсо жүздөгөн момун тургундар камалып турушу мүмкүн деп жатат.

«Бул жактагы адамдардын абалы аябай начар, алар фронт сызыгын кесип өтө алышпайт. Жардам бериш керек",-деди БУУнун өкүлү.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Согуштан кыйраган Мосул

Ирактын премьер-министр и Хайдер аль-Абади дүйшөмбүдө аскердик базага барып, "террордун уюгу" талкаланганын жарыялады.

Шейшембиде эртең менен коалициянын өкүлү Би-Би-Сиге Ирак күчтөрү Эски шаардан "ИМдин" бир нече террорчусун жок кылуу аракетин көрүп жатканын билдирди.

Ошону менен катар шаардын бошогон райондоруна жашоочулар кайтып барардан мурун ал жакты толуп калган ар кыл жардыргыч заттардан тазалап чыгуу милдети турат.

Мосулдун Эски шаарындагы кыйраган имараттар

Мосул үчүн салгылашуу тогуз айга созулду, шаардын көп бөлүгү талкаланып кыйроого учурады, миңдеген адамдар ажал тапты, миллиондон ашык адам качып бозгун болду.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мосул үчүн кармашта миллионго чукул киши качкынга айланды.

БУУнун маалыматына караганда, Мосулдун батыш тарабындагы Эски шаарда 54 турак жай районунун ичинен он беши катуу кыйраган, жыйырма үчү анчалык жабыркаган эмес.

"Эл аралык амнистия" укук коргоо уюму жарыялаган отчетто Ирактын аскер күчтөрү Мосулда өтө кубаттуу куралдарды пайдаланып, жайкын тургундарды коргоонун тийиштүү чарасын көргөн эмес деп айтылат. (КС)

Тема боюнча башка макалалар