Испан королун Британияда кантип тосуп алышты?

Король Филипп VI жана анын жубайы Летицияны ханзада Уэльский жана герцогиня Корнуэльская тосуп алды. Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Король Филипп VI жана анын жубайы Летицияны ханзада Уэльский жана герцогиня Корнуэльская тосуп алды.

Улуу Британия менен Испания азыркы талаш-тартышты жеңип чыгып жана «брекситтен» кийинки эки тараптуу байланышты мындан да чыңдоосу керек деди Лондонго иш сапары учурунда Испаниянын королу Филипп VI.

Филипп VI эки өлкө Гибралтар маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек эле деп белгиледи.

Гибралтардын өкмөтү буга жооп кылып, Лондон менен Мадриддин эки тараптуу сүйлөшүүсүнө басым койгон королдун мамилеси, азыркы демократиялык принциптерге жооп бербейт жана Гибралтардын пикирин дагы эске албагандык деди.

Гибралтар боюнча маселени испан королу Британияга сапарынын алгачкы күнү Вестминстер сарайындагы кайрылуусу учурунда айтты. Ал Британияга үч күндүк иш сапары менен келген.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Испан королу иш сапарынын биринчи эле күнү Гибралтардын макамы жөнүндө маселени көтөрдү.

Британиянын ЕБдан чыгуу маселеси талкууланып жаткан учурда Филипп VI: "Биздин өкмөттөр бардык тараптардын кызыкчылыгына төп келген келишимдерге болгон күч аракетти жумшап, диалог жолу менен жетерине мен бекем ишенем",-деп айтты.

Гибралтардын өкмөтү болсо Лондон менен Мадриддин ортосундагы дискуссияга алар дагы катышуусу керек экенин айтып чыкты.

Гибралтардын Башкы министри Фабиан Пикардо: "Биздин Испаниянын бир бөлүгү болуп калуу же кандайдыр бир формада протекторатты болуп калуу каалообуз жок деди».

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эдинбург герцогу жана королева испан монархына алардын орток тууганы - испан королевасы Виктория Евгенянын сүйүү каттарынын көчүрмөсүн белек кылды.

Ал 1967-2002-жылдардагы референдумдарда Британияга таандык аймактагылар Гибралтар британдык болуп калышын жактаганын эске салды.

Бул испан королунун Британияга жасаган биринчи мамлекеттик сапары. 31 жыл мурун анын атасы король Хуан Карлос Лондонго келип кеткенден берки биринчи сапар экен.