Немцовду өлтүрдү деп айыпталгандар соттолду

Айыпталган беш кишинин колуна кишен салынып, сот залындагы айнек менен тосулган атайын жайга киргизилген. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Москва шаарынын аскердик соту орусиялык оппозициячыл саясатчы Борис Немцовду аткан деп айыпталган чечен тектүү Заур Дадаевди жана ага көмөктөшкөн деп кармалган төрт кишинин үстүнөн өкүмүн чыгарды.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун атайын аскердик бөлгүндө мурда кызмат өтөгөн Заур Дадаев 20 жылга эркинен ажыратылды. Ага көмөк көрсөткөн деп айыпталган төрт киши 11 жылдан 19 жылга чейин абакка кесилди.

Борис Немцовдун үй-бүлөсү болсо чыныгы күнөлүүлөр табылган жок деп нааразылык билдирүүдө.

Аскердик соттун өкүмүн угуу үчүн келгендер сот залына толуп, тирелип турушту. Айыпталган беш кишинин колуна кишен салынып, сот залындагы айнек менен тосулган атайын жайга киргизилген. Коопсуздук чараларына катуу көңүл бурулганы байкалып турду. Куралданган милиция иттери менен имаратты кайтарууга алды.

Соттун өкүмү жарым сааттын ичинде окулду. Ал эми айнек кабинада отурган беш чечен сот сүйлөп жатканда каткырып күлүшүп, бир-бирине тамаша айтып жаткандай болушту. Алардын бири бууланып калган айнекке "калп" деген сөздү жазды.

Аскердик соттун чечими эч кимди деле таң калтырган жок. Буга чейин сот арачылары дагы айыпталгандарды күнөлүү деп тапкан. Бирок бул кишилердин жакындары өкүмдү укканда ыйлап жиберишти.

Күнөлүү деп табылгандар болсо тайманбастан күлүп турушту. Алардын бири сотко кайрылып, "ушул элеби" деп айтты. Аскердик сот прокурорлор сураган жазадан жеңилирек өкүм чыгарды. Немцовду өлтүрдү делген Заур Дадаев дагы эркинен өмүр бою ажыратылган жок.

Борис Немцовдун үй-бүлөсү болсо соттун чечимине нааразы болууда. Алардын адвокаты Немцовго ок чыгарды делген адам жыйырма гана жылга эркинен ажыратылганын жана Кремлдин тушунда саясатчыны өлтүрүүгө буйрук берген адам дале табыла электигине кабатыр болуп жатканын белгиледи.

2015-жылы 27-февралда Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн Борис Немцов Орусиядагы эң көрүнүктүү оппозициялык ишмерлердин бири болчу.

Немцов акыркы жылдары президент Владимир Путиндин жүргүзүп жаткан саясатын жана башкаруу системасын катуу сындаган билдирүүлөрдү тараткан. Орусияда 2000-2010-жылдар аралыгында өткөн көптөгөн минтингдердин демилгечиси болчу.

Тектеш темалар