Кытайда белгилүү укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын лауреаты каза болду

Лю Сяобону Кытайдагы адам укуктары үчүн күрөштүн башкы символу деп аташкан. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Лю Сяобону Кытайдагы адам укуктары үчүн күрөштүн башкы символу деп аташкан.

Кытайлык белгилүү укук коргоочу жана диссидент, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Лю Сяобо 61 жашында дүйнөдөн кайтты. Көз жумардан бир ай мурда Лю боорундагы рак оорусу өтүшүп кеткендиктен, Кытайдын түндүк-чыгышындагы түрмөдөн ооруканага которулган эле.

Лю Сяобо - публицист жана университеттин профессору, кийин укук коргоочуга айланган. 2009-жылы Кытайда көп партиялык системаны киргизүүгө чакырган макалаларын жарыялагандан кийин бузукулук боюнча айыпталып, он бир жылга түрмөгө кесилген.

2010-жылы ага Нобель сыйлыгы ыйгарылганда Пекин буга абдан каршы болгон. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги норвегиялык элчиге расмий протест билдирген.

Нобель комитети Лю Сяобону Кытайдагы адам укуктары үчүн күрөштүн символу деп атаган. Укук коргоочуга сыйлыкты алууга Пекин жол берген эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Лю Сяобого Нобель сыйлыгын алууга Пекин жол берген эмес. Сыйлыкты тапшыруу учурунда анын орду бош турган.

Ошондон бери эч кандай күнөө коюлбаса дагы анын аялы да үй камагында отурат. Ал эми 2013-жылы анын агасы алдамчылык боюнча айыпталып, он бир жыл түрмөгө кесилген.

Лю Сяобону бошотууга чакырып кытай бийликтерине ар кандай эл аралык укук коргоо уюмдар менен нобелдик лауреат болгон атактуу жазуучулар жана руханий лидерлер да кайрылышкан.

Пекин өз кезегинде дайыма «Лю Сяобо Кытайдын мыйзамдарын бузганы үчүн мыйзамдуу негиздер менен түрмөгө кесилген» деп гана жооп айтып келатат.

Укук коргоочу 1989-жылы Тяньанмень аянтындагы студенттик демонстрациялардан кийин биринчи жолу түрмөгө түшкөн.

Июнь айында Лю Сяободон рак оорусу табылып, аны түрмөдөн ооруканага которушканда Батыштын бир нече өлкөсү кытай бийлигине кайрылып, укук коргоочуну боштондукка чыгарып, чет өлкөдөн паллиативдик жардам алууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүшкөн.

Пекин Лю Сяобо саламаттыгынын абалынан улам жол жүрө албайт деген негизде бул өтүнүчтү аткаруудан баш тарткан.

Нобель комитети Лю Сяобонун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы үчүн кытай бийликтери жооптуу деп билдирди.

Тектеш темалар