Пакистандагы атеисттердин жашоосу

Пакистанда атеист болуу өтө опурталдуу. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Пакистанда атеист болуу өтө опурталдуу. Бирок динге ишенбегендер бири-бирине колдоо көрсөтүү үчүн өздөрүнчө жашыруун баарлашып турушат.

Кудайга акаарат келтиргендерди өлүм жазасы күткөн өлкөдө алар кантип жашап кете алышты?

Омар - бул ысымды ага кадырлуу халифтин урматына арнап коюшкан. Бирок ал ата-бабаларынын ишенимин чанып кетти. Ал азыр Пакистандагы атеисттердин жолугуштуруп жаткан онлайн топтун негиздөөчүсү.

Бирок бул виртуалдуу дүйнө болсо да өтө сактыкты талап кылат. Топтун катышуучулары каймана ысымдарды колдонушат.

"Досторго кимдир бирөөнү кошуп жатканда өтө этият болуу керек»,-деди Омар. Бир киши Омарга «Фейсбуктагы» баракчасына кирип, үй-бүлөлүк сүрөтүн көчүрүп алганын жазган. «Өзүңдү коопсуз сезүү мүмкүн эмес» деп даттанды Омар.

Пакистанда атеизм тууралуу интернет-посттордун кесепети абдан олуттуу болушу мүмкүн.

Жакында эле кабыл алынган кибер кылмыштуулук боюнча мыйзамга ылайык, эми жеке интернет форумда дагы мыйзамсыз контентти жайгаштыруу кудайга акаарат келтирүү катары каралат.

Бийлик интернет айдыңындагы кудайга акаарат келтирген кандай гана маалымат болбосун кабарлап коюш үчүн жарнама катары басылмалардан чакырык жасайт.

Бул мыйзам азыр иштеп жатат. Ушул жылдын июнь айында «Фейсбукта» кудайга акаарат келтирген мазмундагы материалды бөлүшкөн деп Таймур Раза атуу жаран өлүм жазасына өкүм кылынган.

Жыйынтыгында атеисттер кудайдын бар-жогунан күмөсүнгөн пикирин коомчулукка ачык айтуусу өмүрүн тобокелге салуу менен барабар экенин сезип турушат.

Омардын пикиринде өкмөт атеист блогерлерге каршы согуш жарыялады.

"Менин досум диний фундаментализмге каршы чыкты,-деп айтып берди ал. -Биз биргеликте интернетте топтун ишин жылдырчубуз. Аны абдан катаал кыйноого алышканын билип калдым. Эгерде кишини уурдап кетишкен болсо, капта анын сөөгү келеринен деле күмөн санабасаң болот. Мамлекет муну башкаларга сабак болуу үчүн атайын кылып жатат. Чектен чыгып баратсаң сени да ушундай болушуң мүмкүн».

Маалыматтарга караганда быйылкы жылы өкмөткө каршы форумдарда атеисттик маанайдагы материалдарды жарыялаганы үчүн алты активист уурдалган.

Мына ушундай активисттердин бири аты-жөнүн жашыруун калтыруу шарты менен Би-би-сиге сүйлөп берди.

Анын айтымында, пакистандык атайын кызмат исламды сындагандар жөнүндө эле эмес, мамлекетти сындагандар тууралуу дагы ачык айтырып алууну каалашат. Өкмөт жакшы жаран жакшы мусулман болушу керек деген принципти кармоого аракет кылууда.

Пакистан ушул жылы көз карандысыздыктын 70 жылдыгын белгилейт.

1956-жылдан тарта ислам республикасы эсептелет. Көпчүлүк атеисттер азыркы учурда улут мурда-кийин такыр болбогондой бир түрдүү болуп калды деп эсептейт.

Атеизм Пакистанда мыйзамсыз деп эсептелбесе дагы, динден четтөө исламдын айрым чечмеленишинде өлүм менен жазалана турган көрүнүш.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Ошондуктан ушундай мааниде сүйлөшүү өлүм менен ойногонго тете опурталдуу.

Көпчүлүк пакистандык атеисттер өтө жашыруун жолугушат. Мындай жолугушууларга баруу үчүн атайын чакыруу талап кылынат.

Лахордагы атеисттер ар дайым өтө катуу кайтарылган жайда же жашыруун үйлөрдө жолугуп турушту.

Мына ушундай жолгушуулар тууралуу катышуучулардын бири:

"Бул мындайча айтканда жашыруун коом сыяктуу. Бул көбүккө окшош, анын ичинде биз сүйлөшөбүз. Бирок сөзсүз эле Ричард Докинз же Сэм Харрис жөнүндө эмес. Биз жөн эле жашоо жөнүндө, күнүмдүк нерселерди деле сүйлөшө алабыз. Бул жайда өзүң менен өзүң боло аласын".

Мындай жыйындарга көбүнесе англис тилинде сүйлөгөн, жетиштүү жашаган шаардыктар келишет. Акча аларды душмандык көз карашы бар мекендештеринен салыштырмалуу коргоп турат. Бирок элеттеги атеисттерде мындай артыкчылык жок.

Зафер мурда динди бекем карманчу. Айылдагы мечитте азан чакырып, беш убак намазын үзбөй окуп, исламды окуганга аракет кылган.

Ал IT-компаниялардын бирине ишке кирип, үйүнөн чыгып кеткенден кийин динге болгон көз карашы өзгөрдү.

"Үй-бүлөм өзгөрүүлөрдү байкап калды. Апам болсо мага көз тийди деп ойлоду. Аны жууп салам деп аракет кылды».

"Азыр мен мечитке жума күндөрү гана барып, Ид аль-Фитрди майрамдайм. Муну менен мен жөн эле салтка салым кошом. Жакындарым мен динчил эмес экенимди билишет. Бирок мага тийшпейт жана башкаларга таратпагыла деген шартым бар».

Журналист Халдун Шахид өзүнүн көп убактысын динден башкача ойлонгондор кабылган көйгөйлөр тууралуу темага арнаган. Ал пакистандык бийлик кудайга ишенбеген кишилерди уурдап кетерин, динди сындоо мамлекетти сындоо менен тыкыр байланышта каралып калды деп эсептейт.

"Пакистанда эки ыйык нерсе бар,-дейт ал. Бири армия, экинчиси ислам. Ушулардын бирин эле кармаган, эртели-кеч экинчисине да жетет. Кудайга акаарат келтирүү бул жөн гана ыңгайлуу шылтоо, чынында армияны, бийликтин саясатын сындаган сайттарды администраторлору уурдалган».

Пакистандын Маалымат жана технология министерлиги басылмалардагы жарнамалык өнөктүк боюнча түшүндүрмө сураган өтүнүчүбүздү четке какты.

«Бул жөн эле коомчулуктун маалыматтуулугун көтөрүүгө умтулуу» деп түшүндүрдү. (AbA)

Тектеш темалар