Орусиядагы өрттөн каза тапкандар өзбекстандыктар экени тастыкталды

өрт Сүрөттүн автордук укугу COURTESY

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Санкт-Петербургдагы Колпино шаарчасындагы өрт кырсыгынан каза тапкан жети кишинин баары Өзбекстан жарандары экенин кабарлады.

Расмий маалыматта алардын баары Хорезм облусунун Янгиарик районунан экени айтылат.

12-июлдан 13-июлга оогон түнү Колпино шаарчасында өрт кырсыгы катталып, жети киши каза тапканы кабарланган. Бул өндүрүш жайында тротуар үчүн плиткалар жасалчу экен. Орусиялык басылмалар өрт кырсыгы электр зымдарынын биригип кеткенинен улам чыгышы мүмкүн экенин жазды. Жалпы аянты 600 чарчы метр жер күйүп кеткен.

Каза тапкандар өзбекстандыктар экенин Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги дагы тастыктады. Элчиликтин өкүлдөрү окуя болгон түнү эле ал жерге жөнөп кеткени айтылган эле. Маалыматтарга караганда Орусиянын Тергөө комитети бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. (AbA)

Тектеш темалар