Иерусалимде атышуу болду, өлгөндөр бар

Соңку убакта израилдик полицияга кол салуулар күчөп кетти Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Соңку убакта израилдик полицияга кол салуулар күчөп кетти

Иерусалимде Храм тоосунун жанында атышуу болду. Полиция кызматкерлерине үч адам ок атып кол салышып, экөөн өлтүрүп, бирөөн жарадар кылышты. Акыры атышуудан өздөрү да өлүштү.

Полициянын маалыматына караганда, кол салгандар Эски шаардын дарбазасынын алдынан ок атып башташып, андан кийин Храм тоосуна жашынып калууга аракет кылышкан. Бирок полиция алардын артынан барып таап, үчөөн тең атып өлтүрдү.

Жергиликтүү ММКлардын жазганына караганда, алардын жанынан ок атуучу куралдар жана бычактар табылган. Кол салгандардын аты-жөнүн ачыкташа элек.

Жарадар болгондор ооруканага жеткирилгенде алардын экөө каза болгон.

Азыркы учурда Храм тоосуна бара турган жол жабык, андагы адамдар баары эвакуация болду.

2015-жылдын аягынан бери Израилде палестиндик жана израилдик арабдар тарабынан израилдиктерге кол салуулар күчөп кетти. Ок атуучу куралдар менен эле эмес, кээ бир учурда бычак жана автоунаалар дагы пайдаланылууда. Ушундай кол салуулардан баардыгы 42 израилдик курман болду.

Ошол эле убакта 240 палестиндик да өлтүрүлдү. Израилдин бийликтеринин маалыматы боюнча израилдиктерге кол салган учурлар көп. Конфликттин эки тарабы тең бири-бирин күнөөлөп келатышат.

Храм тоосу - иудейлер жана мусулмандар үчүн ыйык жер. Ал Палестин-Израил конфликтисинде талаштуу зона болуп саналган Чыгыш Иерусалимде жайгашкан.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору деп билишет. Израиль өз кезегинде шаар Израилдин бир бүтүн жана бөлүнбөс борбору деп билдиришет. (КС)