Кенже Трамп катышкан сырдуу жолугушууну россиялык лоббист ырастады

Кенже Трамп өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында россиялык юрист менен жолукканын өзү ырастап жатат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кенже Трамп өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында россиялык юрист менен жолукканын өзү ырастап жатат.

Президент Дональд Трамптын уулун жаңжалдуу ишке аралаштырган өткөн жылда болгон жолугушууга катышканын ММКлар мурдакы советтик чалгынчы деп атап жаткан россиялык-америкалык лоббист ырастап жатат.

Ритан Ахметшин Ассошиэйтед пресс маалымат агенттигине айткан сөзүндө кенже Трамп менен жолугушууга катышканын ырастады. Бирок анын айтымында бул жолугушууда "анчалык деле маанилүү сөз" болгон эмес.

«Чынын айтсам, буга ушунчалык көңүл бурулат деп эч ойлогон эмесмин»,-дейт Ахметшин.

Америкалык ММКлардын маалыматы боюнча Ахметшин советтик атайын кызматтардын кызматкери болуп иштеген, кийин АКШга көчүп келип, азыр кош жарандыкка ээ.

New York Times аны Весельницкаянын командасына кирет деп белгилеп, "россиялык саясий курал" деп атаган.

Телеканал NBC кенже Трамп менен жолугушууда мындай адамдын болгон фактысы конгресс менен атайын прокурор Роберт Мюллерди кызыктырышы керек деп баса белгилеп жатат. Мюллер 2016-жылы АКШдагы шайлоого Россиянын кийлигишүүсү жөнүндөгү маселени иликтөөнүн башында турат.

Жума күнү Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремлдин Ринат Ахметшин жөнүндө эч маалыматы жок деп билдирген. Песков андан мурда Кремлде Весельницкаяны дагы тааныбайт деп айткан.

Эми Конгресс президенттин уулун сырду жолугушуу болгонун расмий түрдө айтып көрсөтмө берсин деп жатат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Трамптын уулу россиялык юрист менен эмнеге жолуккан?

Жаңжалдуу жолугушуу

New York Times газетасы "Трамп-тауэрде" Кремль жиберген юрист менен сырдуу жолугушуу болгонун жазып чыккандан кийин Кенже Трамп өзүнүн электрондук каттарын жарыялады.

Каттардын мазмунуна караганда, ал өзү жана президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер, Трамптын шайлоо штабынын башчысы Манафорд болуп өткөн жылы 9-июнда россиялык юрист Наталья Весельницкая менен жолугушканы чын экен.

New York Times газетасы болсо бул жолугушууда Весельницкая шайлоодо Трамптын атаандашы болгон Хиллари Клинтон жөнүндө аны жаманатты кыла турган маалыматтарды айтмак деп жазып жатат.

Кенже Трамп кийинки сөздөрүндө Весельницкая америкалыктардын орус балдарды асырап алуу программасы жөнүндө маселени талкууламакчы болгон деп билдирүүдө.

Анын айтымында, бул жолугушуу жөнүндө атасы Дональд Трамптын өзүнө эч нерсе айтылган эмес экен.

"Бекерге кеткен 20 минут"

Азыркы учурда ФБР менен АКШнын Конгресси Кошмо Штаттардагы шайлоо өнөктүгүнө Россиянын кийлигишүүсү болгонун иликтеп, Трамптын командасынын Кремль менен кандайдыр бир тымызын байланышы болгонбу-жокпу, ошону чукуп жатышкан чагы.

Трамп президент болуп шайлангандан бери аны Москванын колдоосу менен Клинтонду жыдытып жеңишке жетти деген айыптоолор ээрчип келатат.

Ал өзү эч нерсе билбей турганын айткан, ал эми Россия америкалык шайлоого кийлигишкенин көп жолу жалган деп четке какты.

Fox News телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып, Трамптын уулу атасы анын россиялык юрист менен жолугушканын билген эмес деп билдирди.

"Жок. Айта турган эч сөз деле жок эле",-деди ал.- "Бул болгону бекерге кеткен 20 минут болду".

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Трамп Президент болгонуна 100 күн толду

Бул жолугушуу эмнеге керек эле?

Трамптын уулуна британдык пиарщик Роб Голдстоун кат жиберип, Хиллари Клинтонго кандайдыр бир компроматтар жазылган документтерди Oрусиядан алып берүүнү убада кылган экен.

Ошол учурда анын атасы Республикалык партиядан талапкер болуп чыгып, демократтардын талапкери Клинтон менен күрөшкө бара турганы белгилүү болуп калган.

Голдстоун бир катында ал убада кылган маалымат жөнүндө - "албетте, жашыруун жана эң жогорку деңгээлге тийиштүү экенин, бирок орусиялык бийлик тараптан Трампты колдоо иретинде болуп жатат" деп жазган экен.

Жолугушуу болгону анык, бирок Трамптын уулунун Fox News телеканалына берген маегинде сөзүнө караганда, орусиялык юрист аларга кызык боло турган эч нерсе айткан эмес.

Кандай реакция болуп жатат?

Президент Трамп өзүнүн уулуна болушуп кыска билдирүү жасап, аны ачыктыгы үчүн мактады.

Ал эми Голдстоун демекчи, ал орусиялык бийликтин америкалык шайлоого кандайдыр бир кийлигишүүсү жөнүндө эч нерсе билбей турганын айтууда.

Наталья Весельницкая өз кезегинде Кремль менен эч кандай байланышы жок экенин жана Хиллари Клинтонго зыяны тийгидей маалыматы болбогонун билдирди.

Республикалык сенатор Линдси Грэм жарыяланган каттар «абдан кабатыр ойго салат» деп чыкты.

Сенаттын чалгын боюнча комитетиндеги эң чоң кызматтагы демократ Адам Шифф Трамптын уулу жана бул жолугушууга катышкандар баары комитетте көрсөтмө беришин талап кылып жатат.

Тема боюнча башка макалалар