Кытайдын экономикасы кайрадан өсүш көрсөтүүдө

Өндүрүш июнда 7,6% өсүп, божомолдонгон 6,5 пайыздан ашты
Image caption Өндүрүш июнда 7,6% өсүп, божомолдонгон 6,5 пайыздан ашты

Жылдын экинчи кварталында Кытайдын экономикасынын өсүшү 6,9 пайыз болуп, божомолдон ашып түштү. Өлкө расмийлиери апрель менен июндун арасындагы көрсөткүч көптөгөн экономисттердин прогнозунан бийик болду дешти.

Өсүү көрсөткүчүн өткөн жылдын ушул үч айы менен салыштырганда 2017-жылдын биринчи кварталындагыдай болду.

Бейжин курулуш жана жеке сектордо катаал чараларды көрүү менен кредитти, турак-жай бааларын жөнгө салууга аракет кылып жатат.

Көптөгөн аналитиктер Кытайдын мындай саясаты башталаар менен экономикалык өсүшү басаңдайт деп күткөн.

Бирок акыркы сандар Кытайдын 2017-жылга койгон 6,5 пайыздык максатынан бийик болду.

Чектелген таасир

Image caption Кытай экономикасы 2016-жылы акыркы 26 жылдын ичинде эң аз өскөн

Турак-жай тармагын чектөө аракетине карабай, кыймылсыз мүлккө салынган инвестиция жылдын биринчи жарымында 8,5 пайызга өскөн, бул 2016-жылдын ушул мөөнөтүнө окшош.

Айрым талдоочулар кредиттин катаал эрежелери көптөр ойлогондой өсүшкө терс таасир этпейт.

“Кыймылмыз мүлктүн бааларына жылдын экинчи жарымына таасир этиши мүмкүн, бирок ал биз ойлогондой болбойт. Ал ири шаарларга гана тиешелүү. Үчүнчү жана төртүнчү деңгээлдеги шаарларда баалар бир аз өсүшү мүмкүн, бирок бул биринчи деңгээлдеги шаарларда баанын түшүшү менен жөнгө салынып калат”, - деди кытайлык экономист Ирис Панг.

Кытай экономикасы 2016-жылы акыркы 26 жылдын ичинде эң аз өскөн. Бирок дүйшөмбүдөгү статистика Кытай экономикасындагы секирикти көрсөттү.

Өндүрүш июнда 7,6% өсүп, божомолдонгон 6,5 пайыздан ашты.

Акыркы айдагы чыгымдар өткөн жылдын июнуна салыштырганда 11% көп болгон.

Ошондой эле импорт менне экспорттун өсүшү да күтүлгөндөн көп болду. (AK)