Сеул Пхеньянды аскердик сүйлөшүү өткөрүүгө чакырды

Сүйлөшүүлөр демилитаризация болгон зонада өтмөкчү. Сүрөттүн автордук укугу CHUNG SUNG-JUN
Image caption Сүйлөшүүлөр демилитаризация болгон зонада өтмөкчү.

Түштүк Корея КЭДРга Корей жарым аралындагы чыңалууну азайтуу максатында аскердик өкүлдөрдүн сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү сунуш кылды.

Эки өлкөнүн ортосунда диалогду жандандыруу идеясын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Германиядагы сапары учурунда көтөрдү.

Эгерде Пхеньян макул болсо, анда сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы демилитаризация болгон зонада өтмөкчү.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү КЭДР тараптан оң жооп болот деген үмүтүн билдиришти.

Аскердик сүйлөшүүлөр 21-июлда болот деп жатышат. Сеул ошондой эле Кызыл чырым уюму аркылуу дагы диалогду жандандыруу аракетин көрүүдө.

КЭДРдын кандай ракеталары бар?

Июнь айынын башында КЭДРдин бийликтери «Хвасон-14» эл аралык баллистикалык ракетасын сыноодон ийгиликтүү өткөргөнүн кабарлашкан.

Пхеньян эл аралык баллистикалык ракетанын сыноосу биринчи жолу өлкөдө ийгиликтүү болду деп белгилешкен.

Соңку айларда Түндүк Корея ракета сыноолорун байма-бай өткөрө баштады - ушул жылдын эсебинде эле он бир жолу ракета сыноолору болду.

АКШнын баамында КЭДРдын Аляскага ракеталык сокку жасаганга күчү жетет. Эксперттер ошол эле учурда ракета мелжеген бутага тийбейт деп жатышат.

Түндүк Кореянын бийликтери өз кезегинде алардын ракетасы дүйнөнүн кайсы жери болбосун, талкалай алат деп билдирип жатат. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар