Сауд Аравия: юбка кийген кыздын видеосу териштирилүүдө

Бул видео алгач Snapchat социалдык тармагына тараган Сүрөттүн автордук укугу Twitter
Image caption Бул видео алгач Snapchat социалдык тармагына тараган

Жаш кыздын кыска юбка жана кыска кийим кийип жүргөн видеосу социалдык тармактарга тарагандан кийин, Сауд Аравияда териштирүү башталды.

Видеодогу кыз - саударавиялык модель Хулуд.

Бул видео тарагандан бери көптөгөн талаш-талкууну жаратты. Айрымдары ислам нормаларын бузду деп, кызды кармоону айтса, кээлери кыздын мындай “эрдигин” баалап жатышат.

Сауд Аравияга келген учурда президент Трамптын жубайы Мелания жана кызы Иванка денесин жапкан узун кийимдерди кийбегенин мисал катары келтиргендер да бар.

Видеодо Хулуд аттуу жаш кыздын Ушайкир байыркы кыштагынын кууш көчөлөрүндө кыска кийим кийип, басып жүргөнү чагылдырылган.

Бул жай Эр-Рияддан болжол менен 155 км. алыстыкта жайгашкан. Бул жерди өлкөнүн консервативдүү аймагы дешет.

Байкоочулардын айтымында, Сауд Арабияда аял укуктары абдан чектелген жана шариаттын патриархалдык формасына негизделген.

Бул жактагы аялдар жоолук салып жүрүүгө милдеттүү, кийим денеге кенен отуруп, баштан тартып, бутка чейин жабышы керек. Андан тышкары аялдар унаа башкарбашы, бөтөн эркектер менен аралашып жүрбөшү керек. (ErA)

Тектеш темалар