Орусия АКШдагы дипломатиялык мүлкүн кайтарууну макулдашуусу ыктымал

Санкциялар президенттик шайлоо алдындагы кибер чабуулдарга байланыштуу киргизилген, ага Вашингтон Орусияны күнөөлөгөн Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Санкциялар президенттик шайлоо алдындагы кибер чабуулдарга байланыштуу киргизилген, ага Вашингтон Орусияны күнөөлөгөн

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннон менен жолуккандан кийин Москва менен Вашингтон Америка тарап жапкан дипломатиялык мүлк боюнча келишимге жакындап калганын билдирди.

Сүйлөшүүдөн бир нече сааттан кийин дүшөмбү кечинде Рябков журналисттерге маалымат берип, “дээрлик” деди. Ал эми америкалыктар комментарий берген жок.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мурдараак орус мүлкүн кайтаруу үчүн Американын талаптарды коюусу туура эмес деген.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШдагы Орусиянын дипломатиялык мүлкүн камакка алууну “күпкүндүзү жасалган уурулук” деп атаган.

2016-жылдын декабрында Орусияга салынган санкцияларга ылайык, АКШ Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин жана Сан-Францискодогу консулдуктун 35 кызматкерине ишенимин кайтарып алган. Андан сырткары Нью-Йорк жана Мэриленд штаттарындагы дипломатиялык дачалар жабылган.

Санкциялар президенттик шайлоо алдындагы кибер чабуулдарга байланыштуу киргизилген, ага Вашингтон Орусияны күнөөлөгөн. Орус бийлиги анда жооп кайтарабыз деп, президент Валдимир Путин америкалык дипломаттарды чыгарып жибербей, Кремлдеги Жаңыл жылдык балатыга чакырган. (AK)

Тектеш темалар