Obamacare программасын алмаштыруу аракети ишке ашпады

Обама республикачылдарды таптакыр жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууга чакырды Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Обама республикачылдарды таптакыр жаңы мыйзам долбооорун иштеп чыгууга чакырды

АКШнын Конгрессинде өкүлдөр палатасынын эки республикачыл мүчөсү президент Обама киргизген медициналык камсыздандыруу программасын (Obamacare) алмаштыра турган мыйзам долбооруна каршы добуш беришти. Алардын колдоосу жок мыйзам долбоорун азыркы түрүндө кабыл алуу мүмкүн эмес.

Майк Ли менен Джерри Моран мыйзам долбоору жеткиликтүү иштелип чыга элек, Obamacare программасынан айырмасы анча эмес деп жатышат. Натыйжада республикачылдардын пикири экиге бөлүнүп, азыркы программанын үстүнөн ишти кандай улантуу керектиги боюнча талаш келип чыкты.

Моран жаман мыйзам долбоорунун алдына колун койбой турганын айтты. Ал эми Ли «бул мыйзам долбоору Obamacare мыйзамында кааралган салыктарды жойбойт жана ортоңку класс үчүн камсыздандыруучу жеңилдиктерди азайтпайт, ошондой эле программанын эң чыгымдуу жоболору үчүн зарыл болгон шарттарды түзбөйт" деген жүйөөсүн билдирди.

Бул мыйзам долбоорун колдоодон андан мурда Республикалык партиядан шайланган башка эки парламентарий Рэнд Пол жана Сьюзен Коллинз баш тартышкан эле.

Республикачылдарга сенаттагы 100 орундун 52 таандык. Каршы болуп жаткандардын саны төртөө экенин эске алганда мыйзам долбоорун кабыл алыш үчүн добуш жетиштүү болбой жатат.

"Тилекке каршы, Obamacare жоюу же алмаштыруу аракети ишке апай калганы түшүнүктүү болуп калды",-деди сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Митч Макконелли мыйзам долбоорун үстүнөн болгон иш оңунан чыкпай калганын мойнуна алды

Республикачылдардын планында Obamacare боюнча байларга салынган негизги салыктарды сактоо каралган, бирок камсыздандыруунун көлөмүн азайтууга, ошондой эле колунда жоктор үчүн саламаттык сактоо программасын кескин кыскартуу сунушталган болчу.

АКШ президенти Дональд Трамп республикачылдарды Obamacare программасын жоюп, анын ордуна таптакыр жаңы долбоор иштеп чыгууга чакырууда.

Барака Обаманын Obamacare программасын жоюу Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгүнун негизги тезистеринин бири болгон эле.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Трамп Президент болгонуна 100 күн толду

Азыр камсыздандырууга ээ болгондордун көбү мамлекеттен дотация алышат. Казына бул милдетти аткарыш үчүн, Obamacare бүт америкалыктарды камсыздандырууга өтүүгө милдеттендирүүдө, антпесе айыппул төлөп калышат. Бул жылына орточo алганда 995 доллар.

Камсыздандырууга кошумча акча төлөөгө милдеттендирүү көп америкалыктарды нааразы кылган эле.

Алардын жүйөөсүндө, АКШнын Конституциясына ылайык, Ѳкмөт мыйзамдын күчү менен кандайдыр бир товарды же кызматты сатып алууга мажбурлабашы керек.

Эми жаңы реформанын алкагында Республикалык партия айып пул төлөөнү, салык жеңилдигинен пайдаланган улгайган жарандар үчун субсидияларды дагы жойгон жатат. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар