Трамп менен Путин “Чоң 20” жыйынында бир эмес, эки ирет жолугушкан

Владимир Путин менен Дональд Трамп расмий жолугушууда эки саат аңгемелешти Сүрөттүн автордук укугу REUTERS
Image caption Владимир Путин менен Дональд Трамп расмий жолугушууда эки саат аңгемелешти

Гамбургда өтүп жаткан “Чоң жыйырмалыктын” саммити учурунда АКШ менен Орусия президенттери эки саатка созулган расмий жолугушуудан башка дагы бир жолу бейрасмий сүйлөшүшкөн. Бул тууралуу маалымат Ак үйдөн тарады.

Маалыматка ылайык, экинчи жолу Трамптын Путин менен маеги мамлекет башчылары үчүн уюштурулган кечки тамак учурунда болгон.

Биринчи формалдуу жолугушуунун көп бөлүгү Орусия АКШнын президенттик шайлоосуна катышкан деген божомол тууралуу болгон. Бул жолугушуудан кийин орус президенти Москванын АКШнын шайлоосуна кийлигишпегени жөнүндө ишендирүүсүн Трамп кабыл алгандай болду деген эле.

Эки президенттин экинчи маеги болжолдуу бир саатка созулган, деп жазышты Ак үйдөгү жогорку даражадагы өкүлдөргө шилтеме берген америкалык басылмалар.

Президенттердин кечки тамагы

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Путин менен Трамп Гамбургда жолугушту

Washington Post жазгандай, кечки тамактын болжол менен орто ченинде Дональд Трамп үстөлдөн туруп, Путиндин жанындагы бош орунга отурган. Трамп жалгыз, ал эми Путин расмий котормочусу менен болгон, деп жазды басылма.

Бул гезиттин пикиринде, Трамптын экинчи сүйлөшүүнү өзү демилге кылганы америкалык президент Германиядагы саммитте Путин менен канчалык достук мамилесин кургусу келип жатканын көрсөттү.

Алардын экинчи жолугушуусу конгрессте, ошол эле республикачылар тарабынан да АКШ президентинин дарегине жаңы сындарды пайда кылышы мүмкүн.

Мунун баары президентти Кремль менен жашыруун бүтүмгө барган деген айыптоолор басаңдабай жатканда болуп жатат. Бул чатак кенже Дональд Трамп 2016-жылы шайлоо үгүтү учурунда орусиялык юрист менен атасынын атаандашы, Демократия партиясынын талапкери Хиллари Клинтонго компромат алыш үчүнжолукканы белгилүү болгондон кийин жанданды.

Басылмалар шилтеме берип жаткан Ак үйдүн жогорку даражадагы кызматкери Трамп менен Путиндин экинчи сүйлөшүүсүн ийне-жибине чейин айткан жок, бирок жолугушуунун өзү болгонун тастыктады.

Мындан мурда ал тууралуу Eurasia Group фирмасынын башчысы Иэн Бреммер эки президент жолукканын ага кечки тамактагы башка эки президент айтканын билдирген. (AK)

Тектеш темалар