Килейген тираннозавр жүгүрө алган эмес, бакыйып басып гана жүргөн

Тираннозавр Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Эбегейсиз чоң тираннозаврдын көлөмү менен салмагы ага саатына 20 км ашык жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Манчестер университетинин окумуштуулары эң жаңы компьютердик системанын жардамы менен жүргүзүлгөн атайын изилдөөдөн кийин ушундай тыянакка келишти.

Тираннозаврдын этинин массасы жөнүндөгү маалыматтарга негизделген изилдөөнүн алгачкы натыйжалары боюнча анын ылдамдыгы саатына 30 км болот деп болжолдошкон. Бирок окумуштуулар анын скелетинин кээ бир өзгөчөлүктөрүн эске алып изилдеп көрүшкөндө, система башка натыйжаны - саатына 20 км көрсөттү.

Эгер тираннозавр ылдам басуудан желип чуркаганга өтсө, анда буттары анын килейген денесин көтөрүп тура алышмак эмес.

"Тираннозавр - динозаврдын тукумундагы эң популярдуу түрү, палеонтологдор анын кыймылынын ылдамдыгы жөнүндө көптөн бери талашып келатышат. Жаңы изилдөө бизге бул жырткычтын аң улоо ыкмасын жана олжосун кантип алганын жакшыраак түшүнгөнгө жардам берет»,-деди профессор Уильям Селлерс.

"Эми реалдуулукка жакындашкан компьютердик программа менен мен биз тираннозаврдын жүрүү моделин түзө алабыз. Бул модель анын чуркай албагандыгын көрсөтүүдө, анткени анын скелети буга жол берген эмес. Демек, тираннозавр жай басып жүргөн жана кубалап аң уулаганга жөндөмсүз болгон»,-дейт профессор.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Манчестер университетинин окумуштуулары атайын изилдөөнү эң жаңы компьютердик системанын жардамы менен жүргүзүшкөн.

Голливуд мифтери

Окумуштуулардын баамында, тираннозаврлардын буттарынын издери алардын Голливуд кинолорунда көрсөтүлгөндөй шамдагай болгон эместигин көрсөтөт. Бирок, албетте, мындан анын коркунучтуу түрү кемип калган эмес, дейт изилдөөгө катышкан АКШнын Висконсин университетинин профессору Эрик Снайвли.

"Юрск заманындагы парк" кинофильминдеги бир эпизодду эске салып, профессор: "Эгер Джеф Годблум жипте жашынып калбаса, анда ал тираннозаврдан баары бир кутула алмак эмес,-деп кошумчалайт.

Профессор Селлерс өзүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын мындай чечмелейт:

"Биз ири жырткыч динозаврлардын көпчүлүгү үчүн чуркоо мүмкүн болгон эмес деп жатабыз, бирок көлөмү кичинелери ылдам чуркай алган болушу мүмкүн. Демек, тираннозавр өскөн сайын көлөмү чоңоюп, анын аң улоо ыкмасы дагы өзгөрүүгө тийиш болгон».

Аталган изилдөөнүн натыйжаларын америкалык окумуштуу Peer J илимий журналына жарыялады. (КС)

Тектеш темалар