Сенатор Жон Маккейндин мээсинде шишик бары аныкталды

Жон Маккейн Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жон Маккейн

Америкалык 80 жаштагы сенатор Жон Маккейндин мээсинде шишик бар экени диагноздо аныкталды. Ал азыр дарылануунун варианттарын караштырып жаткандыгын билдирген.

Дарылоо химиотерапия менен радиоциалык нурландырууну айкалыштыруу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Маккейн чөгүп калбай үйүндө шайдоот жүргөнү айтылууда.

Бул шишикти өткөн аптада анын сол көзүнө операция жасап жатканда табышкан.

Ткандардын анализи Макккейндин мээсинде шишиктин пайда боло баштаганын аныктаган.

Сенатордун даарыгеринин айтымында, Маккейн опреациядан кийин өтө тез калыбына келген жана жалпы саламаттыгы мыкты.

Бул шишиктин пайда болушунун ыктымалдыгы адамдын жаш курагы менен да байланыштуу.

Маккейн - мурдатан эле Орусияны жана Путинди катуу сынга алганы менен да белгилүү. Ал Орусияга каршы санкициялардын мөөнөтүн узартуу керектигин айтып, бир нече жолу билдирүү жасаган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Маккейн 2008-жылы Республика паритясынан президенттикке талапкер болгон. Анын өнөктөшү Алясканын губернатору Сара Пэйлин болгон

Сенатор 1987-жылы Аризонадан шайланган. 2008-жылкы президенттик шайлоодо Республикачылардан ал Барак Обамадан жеңилип калган.

Маккейн беш жыл вьетнамдык туткунда олтуруп, кыйноого кабылган. Париж тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин 1973-жылы бошотулган.

Мындай диагноз Маккейндин үй-бүлөсүн дендароо кылаганын анын кызы жазган. "Баарыбыздан да бул суук кабарга сабырдуу мамиле кылган - менин атам болду",- деп жазган кызы Меган.

Президент Дональд Трамп Маккейн күрөшчүл адам экенин жазып, тез сакайып кетишин каалаган.

"Мен билгенден Жон Маккейн Американын баатыры жана эң эр жүрөк күрөшкери. Залалдуу шишик кимге туш келип калганын билбей жатат. Жон эми анын сазайын колуна бер",-деп мурдагы президент Барак Обама Твиттерине жазган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар