Кенже Трамп Сенатка көрсөтмө берүүгө чакырылды

Шайлоо алдында россиялык юрист менен болгон жолугушууга Кенже Трамптын өзү, Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жана шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт катышкан. Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock
Image caption Шайлоо алдында россиялык юрист менен болгон жолугушууга Кенже Трамптын өзү, Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жана шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт катышкан.

Президент Дональд Трамптын улуу баласы, күйөө баласы жана шайлоо штабынын башчысы өткөн жылдагы парламенттик шайлоого Россиянын кийлигишүүсү жөнүндө Сенатта көрсөтмө берүүгө тийиш. Алар россиялык расмий адамдар менен кандай байланыштары болгону жөнүндө суракка алынмакчы.

Кенже Трамптын электрондук каттары жарыя болгондон кийин анын өзүн, Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жана шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт Сенатта көрсөтмө беришин талап кылып башташкан. Анткени шайлоо алдында россиялык юрист менен болгон жолугушууга ушул үчөө тең катышканы белгилүү. Алар эми Сенатта россиялык юрист менен жолугушууда эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн ачыктап айтып берүүгө тийиш. Рейтер агенттиги билдирген маалыматка караганда, кенже Трампты Сенатта угуу 26-июлда блгону жатат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Трамптын уулу россиялык юрист менен жолукканын билдирди

Трамп Сешнс жана Коми жөнүндө

Ал аңгыча Президент Трамп New York Times газетасына берген маегинде башкы прокурор Джефф Сешнс жана ФБРдын экс-директору Джеймс Коми жөнүндө кандай ойдо экенин, Россиянын президени Путин менен "сырдуу жолугушуу" жөнүндө ачыктап айтып берди.

Трамп башкы прокурор Джефф Сешнс жөнүндө эгерде анын америкалык шайлоого россиялык кийлигишүүнү иликтөөдөн баш тарта турганын билген болсо, анда аны кызматка алмак эместигин айтты.

"Эгер ал иш баштай электе өзү баш тарткан болсо, мен Джефф рахмат, мени сени албайм. Бул жумшак айтканда президентке абдан адилетсиз мамиле, деп айтмакмын",-деген Трамп.

Сешнстин чечими боюнча россиялык кийлигишүүнү иликтөө иштери атайын прокурор Роберт Мюллерге тапшырылган, Трамптын пикиринде мындай болууга тийиш эмес эле.

Сешнс Юстиция министрлигинин башына 10-февралда, Трамптын миграциялык жарлыгын катуу сынга алган Салли Йетс баш прокурор милдетин аткаруудан алынгандан кийин келди.

NYT белгилегендей, Сешнс Трампты президенттик жарышта колдоп чыккан биринчи сенатор, ошон үчүн чоң кызматтын бирине келип отурду.

АКШнын конгрессинде Сешнс президенттик шайлоо өнөктүгү болуп жатканда россиялык өкүлдөр менен эч кандай байланышы болгон эместигин билдирген, бирок мартта ал россиялык элчи Кисляк менен эки жолу көрүшкөнү билинип калды. Ошондон кийин Сешнс россиялык кийлигишүү жөнүндө ишти иликтөөгө катышуудан баш тарткан.

Ал эми ФБРдын мурдакы башчысы Коми жөнүндө Трамп ал россиялык ишти президентке кысым көрсөтүү үчүн пайдалангысы келген деп айтты.

"Жашыруун жолугушуу"

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Путин менен Трамп Гамбургда жолугушту

Трамп өзүнүн маегинде "Чоң жыйырмалыктын" саммити учурунда Путин менен болгон, ММКлар "жашыруун жолугушуу" деп атаган учурга да токтолуп кетти.

Анын айтымында, "Чоң жыйырмалыктын" лидерлери кечки тамакка чогулган учурда анын аялы Мелания Россия президентинин жанына барып отурган. Трамп болсо анын каршы жагынан орун алган. Алар учурашып, он беш мүнөттөй убакытта бейформал түрдө, көбүнчө тамаша чалып сүйлөшкөн. Балдарды асыроо темасына кайрыла кетишкен.

Ошол эле учурда америкалык ММКлар Трамп менен Путин экинчи ирет жолугушууда кеминде бир саат сүйлөшкөн деп жазып жатышат. Ошондой эле Трамптын Россия президентине өзгөчө көңүл бурганын америкалыктар абдан жандуу кызыгуу менен талкуулашууда. (KC)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар