Linkin Park тобунун солисти Честер Беннингтон каза тапты

Linkin Park тобунун солисти Честер Беннингтон каза тапты Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Linkin Park тобунун солисти Честер Беннингтон каза тапты

Америкалык Linkin Park рок-тобунун солисти Честер Беннингтондун жансыз денеси Лос-Анджелестин чет жакасындагы үйүндө табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча ал өзүнө өзү кол салышы мүмкүнкүндүгү белгиленип жатат.

Музыкант буга чейин эки жолу үйлөнүп, артында алты баласы калды.

41 жаштагы Беннингтондун денеси Калифорниядагы Палос-Вердес-Эстейтстеги үйүндө жергиликтүү убакыт менен саат 9.00дө табылды.

"Шок болуп жана кайгыга чөгүп турам, бирок анын өлгөну чындык. Бул тууралуу расмий билдирүү даяр болору менен чыгат", - деп "Твиттерде" Linkin Park мүчөсү Майк Шинода жазды.

TMZ таблоиди Беннингтон көп жылдардан бери арактан жана баңгизатттардан көз каранды болуп келгенин жазды. Буга чейинки интервьюларынын биринде ал кичине кезинде сексуалдык зомбулукка кабылгандыктан өзүн-өзү өлтүрүү тууралуу ойлору болгонун айтканы бар.

TMZ белгилегендей Беннингтон досу, Soundgarden тобунун мүчөсү Крис Корнеллдин туулган күнүндө өзүн өзү өлүмгө кыйгандай. Корнелл быйыл 18-майда Детройттогу мейманкалардын биринде каза таап, медициналык экспертиза ал өзүн өзү өлтүргөнүн тастыктаган эле, (ES)