Венесуэла кризиси: өлүмгө алып келген кагылышуулар

Протесттерде 300дөн ашык киши камалды. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Протесттерде 300дөн ашык киши камалды.

Оппозиция уюштуруп, президент Николоас Мадурону жаңы парламентти шайлоо чечиминен баш тартуусун талап кылып жаткан жалпы протестке миллиондогон венесуэлалыктар кошулду. Протестке чыккандар менен полиция арасындагы кагылышта кеминде үч киши өлдү.

300дөн ашык киши камалды. Президент Николас Мадуро каршылык акциясы чакан болгонун жана анын лидерлери камала турганын айткан.

Апрелден тарта оппозиция бат бат протест өткөргөндөн бери өлкө боюнча дээрлик 100 киши өлдү.

Каршылыкка чыккандар борбордо жана башка шаарларда жолдорду таштандылар жана эмеректер менен тосушкан. Оппозиция өлкөнүн дээрлик 85 пайызы көтөрүлүшкө кошулганын айтты.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS
Image caption Каршылыкка чыккандар жолдорду тосушту

Бирок башкалаанын турмушу кадимкидей жүрүп жаткан бийлик көзөмөлдөп жаткан бөлүгүндө жолдорду ачтырышты.

Айрым шаарларда протестчилер менен кагылышканда полиция көздөн жаш агызчу курал колдонду. Каракастын четинде бир киши жана Валенцияда эки киши каза болду.

Өлкө аймагында 360тан ашык киши камалганын жергиликтүү оңчул топ билдирди.

Колумбия, Франция, Испания, АКШ жана Еропа Биримдиги Венесуэла өкмөтүн 30-июлда өтө турган шайлоону токтотууга чакырган. (AK)